mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 74 жылдыгына карата Орто Азия жана Казахстандагы биринчи аскер учкучу Абдували Курбаналиевдин элесине арналган эстеликтин ачылышы аземи

2019- жылдын 8- майында И. Абдраимов атындагы кыргыз авициалык институтунда учкуч Абдували Курбаналиевдин элесине арналган эстеликтин ачылышы аземи болуп ачылышка Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин орун басары Жеңиш Ногойбаев барып катышты. Ачылыш мааракеде авиаинституттун ардагерлери жетексилик жана Абдували Курбановдун неберелери катышты.
Кызгыз жери Согушка Кайратуулуктун, эр жүрөктүлүктүн , баатырдык жана патриоттуулуктун белгиси болуп көрүнүктүү уул дарын берген. СССРдин баатыры болгон Дуйшенкул Шопоков, Чолпонбай Тулебердиев, учкуч Тимур Фрунзе, Исмаилбек Таранчиев жана Авиациялык институттун атын алып жүргон Ишембай Абдраимов атай алабыз.
Кыргыз элинин чыгаан уулу, Абдували Курбаналиевге арналган Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 74 жылдыгына карата эстеликтин расмий ачылышы болуп ѳттү. Абдували Курбаналиев Каракол шаарынын Черик айылында 1906 жылы тѳрѳлгѳн. 1932 – жылы Оренбургдагы военно- летное окужайынын учкуч бѳлүмүн бүтүргѳн. Совет бийлигин орнотуу мезгилинде басмачыларга каршы согушта да катышкан. 1920 – жылы Туркменистан, Таджикистан, Ѳзбекистан аймактарында согушта зводтун командири андан кийин 10- тоо- аткыч полкунун политжетекчиси болгон. Согушта эрдигин кѳргѳзгѳндүгү үчүн Эмгектин Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Абдували Курбаналиев Учактын окусун мыкты деңгээлде бүтүрүп, Орто Азиядагы 37- аскердик аймактын авиабомбалагыч полкунун кызмат ѳтѳѳгѳ жиберилген. 1935 — жылы Ленинградтын аскер мектебин аяктап, Сталинобад шаарынын 35- авиаотрядтын байланыш жетекчиси болуп дайындалат.
Улуу Ата-Мекендик согуш башталганда, ден соолугуна байланышчу улуу учкучту тылда калтырышат. Себеби тылдагы учкучтарды даярдоо абдан зарыл эле. Абдували Курбаналиев 1941 – жылы Фрунзедеги 24- авиамектепке биринчи авиаучкучтарды даярдоого жиберишет.
Баса белгилеп айтып кетпесек болбойт, эки жолчу СССР баатыра болгон Таллгат Бегельдинов Абдували Курбаналиев ден билим алган.

Пресс – кызмат