mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Учурда Кара-Кече участкасынын капталынан оор салмактуу бульдозер Дыйкан айылына жана айылдын карама-каршы тарабына унаа жолун жасап жатат.

Убактылуу жолду куруу үчүн Дыйкан-Кара-Кече автожолунун (жер көчкү участогу) 37 чакырымына тандалган маршруттун узундугу 3-3,5 чакырымды түзөт, ал тоо боорунун аскалуу жана таштуу жерлерин бойлой өтөт.

Учурда Кара-Кече участкасынын капталынан оор салмактуу  бульдозер Дыйкан айылына жана айылдын карама-каршы тарабына унаа жолун жасап жатат. Дыйкан айылында эки жеринде  2 экскаватор колдонуп, татаал аянтта иштер  баштады. Жумуш эки сменада жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, Кара-Кече тараптанда бери Дыйкан айылын кѳздѳй бир бульдозер  ишке киргизилди. Ал эми  Дыйкан айылында  2 даана экскаватор иштеп жатат.  Жол куруучу техникаларды мобилизациялоо жана күйүүчү-май толугу менен чечилди.

Калкты көмүр менен камсыздоодо үзгүлтүккө учуратпоо жана кыш мезгилине даярдануу максатында жүк ташуучу унаалар көмүрдү төмөнкү каттамдар боюнча ташышат. Көмүр ташылган жүк ташуучу унаалардын негизги агымы (90%) Кара-Кече карьеринен Куртка-Соңкөл жолу боюнча Ак-Талаа районундагы Молдо-Ашуу ашуусу аркылуу жүргүзүлөт. Аталган маршрут боюнча жолдун узундугу Балыкчы шаарына чейин 370 км, анын ичинен канааттандырарлык абалда болгон топурак жолдун бою менен 75 км.

Кочкор районундагы Калмак-Ашуу ашуусу аркылуу Сары-Булак-Сонкол жолунун боюндагы Кара-Кече карьеринен көмүр ташыган жүк ташуучу унаалардын бир аз агымы жүргүзүлөт. Аталган маршрут боюнча жолдун узундугу Балыкчы шаарына чейин 220 км, анын ичинен топурак жолдун бою менен 130 км. Бул каттамды негизинен Балыкчыдан келе жаткан бош жүк ташуучу унаалар пайдаланышат.

Жогорудагы эки маршрут боюнча жүк агымынын көбөйүшүнө байланыштуу жолдорду жана кесилиштерди канааттандырарлык абалда кармоо максатында, Транспорт жана жол министрлигинин  №14 жана №15 ДЭУ тарабынан 4 даана атайын техника тартылды.

Пресс-кызмат