mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуу өттү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуу өттү. Иш-чарага ведомствонун борбордук аппаратынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Анда министрликтин Экономика, талдоо жана стратегиялык пландаштыруу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Дүйшөбаев 2024-2028-жылдарга транспорт жана жол тармагы боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмүнө бюджеттик чыгымдардын 4 программасы киргизилгенин билдирди. Алар:

1. Башкаруу жана администрациялоо;
2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун иштөө абалында сактоо;
3. Эл аралык транспорт коридорлорун реабилитациялоо (калыбына келтирүү);
4. Кыргыз Республикасында автомобиль транспортун өнүктүрүү.

2024-жылга бардык бюджеттик программалар боюнча финансылык план 18 065 558,4 сомду түзөт, анын ичинде учурдагы бюджет боюнча 6 566 746,7 сомду жана мамлекеттик инвестициялар боюнча 11 498 811,7 сомду түзөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар, атап айтканда Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын, Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу топтору, КРдин ТжКМге караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти, Жол фондунун Байкоочу кеңеши жана жогоруда аталган уюмдардагы 2024-2028-жылдарга бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын презентациялашты.

Төмөндө Экономика, талдоо жана стратегиялык пландаштыруу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Дүйшөбаевдин сөзү толук берилет.

Пресс релиз

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы