mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Балыкчы-Кочкор-Эпкин тилкесинде жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

Жол куруу — иштери уланууда!

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Нарынга жасаган иш сапарынын алкагында Балыкчы-Кочкор-Эпкин тилкесинде жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мында болжол менен 56,7 км жаңы асфальт-бетон төшөлгөн. 2023-жылы негизги курулуш иштерин бүтүрүү пландалууда.

Мекеме жетекчиси подрядчы компанияга жолдорду сапаттуу жана ылдам курууга тапшырма берди.

Белгилей кетсек, Балыкчы-Кочкор-Эпкин тилкесинде курулуш иштерин жүргүзүү боюнча келишим 2020-жылы Sinohydro (КЭР) подряддык компаниясы менен түзүлгөн. Учурда бул аймактарда активдүү курулуш иштери жүрүп жатат.

Подрядчы участоктогу курулуш иштерине 100 дөн ашык жол курулуш техникасын мобилизациялаган. Ал эми курулуш сезонунун кызуу мезгилинде долбоордун эки бөлүгүнө 300гө жакын адам тартылган. Ошондой эле, подрядчы бул долбоорго ар биринин кубаттуулугу саатына 160 тоннага жакын 2 асфальт-бетон заводун мобилизациялаган.


КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы