mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт министрлиги: Туннелдин ичиндеги желдетүү системасын профилактикалык тейлөө аяктады

Кыргыз Республикасынын ТжКМне караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун  мамлекеттик дирекциясы билдирет. 2021 -жылдын 23 -августунда башталган Бишкек-Ош унаа жолунун 129,5-чакырымында Төө-Ашуу ашуусундагы туннелдин ичиндеги желдетүү системасынын профилактикалык иштери аяктады. Учурда асфальт-бетон базасында жана туннелдин ичиндеги дренаждык системада порталдын түндүк бөлүгүнөн 129,5 км +2500 метрде гана чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда  129,5 км +2500 метр туннелдин ичиндеги порталдын түндүк бөлүгүнөн асфальт-бетон базасын жамоо,  дренаждык системасын оңдоо жана калыбына келтирүү  иштери гана жүргүзүлүүдө. 2021-жылдын сентябрына карата аяктоо мөөнөтү пландалган. Азыркы убакта Бишкек-Ош унаа жолунун жогоруда көрсөтүлгөн бөлүгүнүн бардык категориядагы унааларынын өтүүсүнө эч кандай тоскоолдуктар жок, өтмөк күнү-түнү ачык.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы