mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Transparency International» глобалдык уюмунун өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тематикалык окуу семинарларын өткөрдү

2021-жылдын 14-сентябрынан 16-сентябрына чейин «Transparency International» глобалдык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү коррупциянын алдын алуу боюнча пландалган чараларды ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш ѳлчѳм кѳзѳмѳлдѳѳ агенттигине, Талас, Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча жол кызматкерлерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тематикалык семинарларын өткөрдү. Катышуучулар коррупцияга каршы улуттук саясатты карап чыгуу, жүрүм-турум моделдери жана бизнес оюндун мисалында коррупциялык чыр-чатактарды чечүү жолдору сыяктуу маселелерди талкуулап, коррупция жөнүндө жалпы түшүнүк алышты. Тренингдерге жогоруда аталган агенттиктин жана аймактардан жалпы 90 жол кызматкерлери катышты.

«Transparency International» глобалдык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү келечекте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен кызматташууну улантууга ниеттенүүдө. Бул тармактагы мүмкүн болгон коррупцияга каршы күрөшүү үчүн кызматкерлерди окутууну уюштуруу, ошол эле семинарлар — тренингдерди республиканын башка региондорунда жана министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери  өткөрүү  үчүн пландалууда.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы