mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Темир жолчулардын “Жаштар кеңеши” кайрымдуулук акция өткөрдү

Балдарды коргоо күнүнүн алкагында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын профсоюз уюмунда түзүлгөн “Жаштар кеңеши” кайрымдуулук иш-чара өткөрдү. Аталган иш-чара алардын эң алгачкы акциясы болгондуктан уюштуруу иштери “Жетим балдардын укуктарын коргоо” коомдук фондусу менен биргеликте жүрдү.

Жаштар кеңеши алдын-алаБеловодскидеги жана Кара-Балтадагы балдар үйү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын муктаждыктарын билди. Андан соң ар бир бала үчүн атайын белек баштыкчалар дярдалды. Баштыкчалардын ичине ар бир балага чак келүүчү бут-кийим, ич-кийим, кыздарга көйнөктөр, ал эми балдарга футболкалар салынган. Мында алардын ар биринин кийимдеринин размерлери алдын-ала такталып, ар бир баланын колуна жекече тапшырылды.

Жалпысынан Беловодскидеги балдар үйүнө 51 балага жана Кара-Балтадагы балдар үйүндөгү 29 балага 80 жуп бут кийим, 80 көйнөк, футболкалар жана 122 жуп носкилер тапшырылды. Атайын сатылып алынган кийимдерди кийген балдардын кубанычы чексиз болду.

Мындан тышкары суусундуктар, пирожноелер, конфет, шоколаддар жана торттор сатылып алынып, алар үчүн атайын майрамдык стол тартууланды.

Ал эми самын, кир жуучу порошоктор, салфеткалар жана даарат кагаздары балдар үйлөрүнүн администрацияларына тапшырылды.

Эске салсак, темир жолчулардын профсоюз уюмунун“Жаштар кеңеши”2016 жылдын июнь айында түзүлгөн. Азыр анын 47мүчөсү бар. Төрагасы Марат Мырзабеков.

 

 

Басма сөз кызматы