mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Темир жол транспортун 2019-2025-жылдарга карата өнүктүрүү Концепциясынын долбоору талкууланып жатат

 

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында профсоюз уюмунун, филиалдардын жана башкармалыктардын башчыларынын катышуусунда жыйын болуп, анда темир жол транспортун 2019-2025-жылдарга карата өнүктүрүү Концепциясынын долбоору талкууланды.

 

Алгач, ишкана жетекчиси Канатбек Абдыкеримов сунушталган Конценпия боюнча кеңири маалымат берди. Анын айтымында бул документтин негизги максаты: темир жолун өнүктүрүү, темир жол аркылуу жүктөрдү ташууну камсыздоо үчүн тийиштүү шарттарды түзүү болуп эсептелет. Ошондой эле ишкананын ишмердүүлүгүн жогорулатуу, модернизацияланган өнүгүү жолуна түшүү башкы максаттардан.

 

Мындан тышкары аталган концепцияда ишкананы башкаруунун жаңы модели катарында – Акционерлештирүүнү жүзөгө ашыруу маселеси да каралган. Бул багытта бир айлык мөөнөттө профсоюз уюмдары жана филиалдар менен биргеликте кошумча сунуштарды киргизип, Концепциянын соңку вариантын даярдоо жагы белгиленди. Башкы директор белгилегендей Акционерлештирүүнүн баштапкы этабы катарында  темир жолу аркылуу жүктөрдү жөнөтүү боюнча “Кыргыз темир жол экспедиция” биргелешкен ишканасын түзүү пландаштырылууда. Бул темир жолун өнүктүрүү үчүн кошумча каржы ресурстарын түзүүгө жана темир жолго потенциалдуу инвесторлорду тартууга түздөн-түз жол ачып берет.

 

Темир жол транспортун 2019-2025-жылдарга карата өнүктүрүү Концепциясынын долбоорунда “Россия темир жолу” Ачык акционердик коому менен биргеликте вагон чарбасын модернизациялоо, билет бааларына жеңилдиктерди киргизүү маселеси да каралган. Ошондой эле “Луговая Балыкчы” темир жолун электрлештирүү иштери, турак-жайга муктаж темир жолчулар үчүн турак-жай куруу маселеси жана “Локомотив” спорт комплексин өнүктүрүү иштери да киргизилген.

 

Белгилей кетсек: аталган жыйын биринчи жолу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмү менен видео-конференция катарында онлайн режиминде өткөрүлдү. Түштүк бөлүмүнүн темир жолчулары видео байланыш аркылуу жыйынга катышып, атайын монитордон толук маалыматтарды алып турушту.

 

Басма сөз кызматы