mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Таласта оор жүк жана жүргүнчү ташуучу унаалар текшерилип, мыйзамды сактабаган айдоочуларга айып пул салынды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Талас аймактык башкармалыгынын мобилдик тобу тарабынан 15-16-май күндөрү Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 75-чакырымында жана Талас районунун аймагында оор жүк ташуучу жана жүргүнчү ташуучу унаалар текшерилди.

Анын алкагында 12 оор жүк ташуучу жана 18 жүргүнчү ташуучу транспорт каражаты токтотулду. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 5 мыйзам бузуу аныкталды. Түшүндүрүү иштеринен соң, тиешелүү протоколдор толтурулуп, жалпы 23 500 сомго айып пул салынды.


КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы