mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төрт мезгил тең тыным албаган жолчулар: 28-мартка карата аткарылган иштер туурасында маалымат

Бүгүн, 28-мартта Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолунун 2-чакырым аралыгында селден жолго агып түшкөн кум, шагылдарды атайын унааларга жүктөп ташуу жумуштары жүрдү.

№12 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Кербен-Үч-Коргон унаа жолунун 41-47-чакырым аралыгындагы темир-бетон түтүктөрүн кол менен тазалашты.

Ал эми Топ-Жаңгак-Кара-Суу унаа жолунда болсо жол жээгин оңдоо иштери жүрүүдө.

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 127-чакырымында, “Бөрү токой” участкасында жолго түшкөн чон таштарды тазалоо иштери жүрүүдө. Учурда жеңил унааларга каттам бар.

Эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 40,3-46,9-чакырым аралыгында бак-дарактарды кыркуу, жолду кеңейтүү, тегиздөө, суу себүү иштери жүрүп жатат.

Манас-Ордо-Кең-Көл унаа жолунун 4-8-чакырым аралыгында жолду тегиздөө жумуштары жүрүп жатат.

№48 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери болсо Покровка жолунун жээгин тазалап, белгилерди актап, сырдап жатышат.

Мындан тышкары Арашан-Чуңкурчак унаа жолунун 1-2-чакырым аралыгында аң-чөнөктөрдү толтуруу иштерине даярдыктар көрүлүүдө.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы көпүрөлөр сырдалып жатат.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда тоо боорунан түшкөн таштарды атайын унаа менен тазалоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, аймактарды тейлеген жолчулар кышында камдалган инерттик материалдардын калдыктарын кампага ташуу, таштандыларды тазалоо, кооптуулук жараткан жана куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу, жолго чыккан сууларды буруу, шагыл, кара шагыл төгүп тегиздөө жана жолду кеңейтүү иштери менен алек.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы