mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндүк-Түштүк жолунда Көк-Арт ашуусу аркылуу 3890 метрли  штольня тешилди

Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун курулушунун алкагында 1-фаза, Казарман а.- Жалал-Абад ш. участогунда узундугу 3890 метр болгон тоннелдин курулушу жүрүп жатат. Тоннелдин бийиктиги болжол менен 9 метрди, туурасы 10 метрди түзөт, бул экинчи техникалык категориядагы эки тилкелүү кыймылды эркин өткөрүүгө мүмкүндүк берет жолдун тилкеси тенельдин ичинде .

Салыштыруу үчүн айта кетсек, Бишкек-Ош унаа жолундагы Көлбаев тоннелинин туурасы 6,2 метр, бийиктиги 4,5 метрди түзөт.

Ошондой эле,  туннелге параллель,  бийиктиги жана туурасы 4 метрди түзгөн штольнянын  курулушу бутик,, ал авариялык кырдаалда адамдарды жана унааларды эвакуациялоого мүмкүндүк берет.

2022-жылдын 30-январында  штольнянын өтмөгүн куруу  иштери аяктап,  негизги тоннелде иштер уланууда. Тоннель куруу иштерин бүтүрүү 2022-жылдын аягына пландаштырылган.

Долбоор Кытайдын Эксим банкы тарабынан бөлүнгөн каражатка жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы көптөгөн жол куруу долбоорлоруна катышкан China Road and Bridge Corporation компаниясынын жардамы менен ишке ашырылууда.

Курулушка жетекчи консультант болуп «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо институту эсептелет.

Курулуш кызуу жүрүп жаткан мезгилде Подрядчы 550гө жакын персоналды, ошондой эле,  400 бирдик курулуш техникасын жумушка киргизген. Бул адистердин аракети менен бүгүнкү күндө 116 чакырымга жакын асфальт-бетон төшөлүп, Көк-Арт тоннелинде активдүү иштер жүрүп жатат.

 

 

Министрликтин басма сөз кызматы