mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндүк-Түштүк алтернативдик автомобиль жолунун 3-чү Фазасы болуп эсептелинген Дыйкан-Кызыл-Жылдыз жол бөлүгүн реабилитациялоо долбоору Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан насыялык макулдашуулардын негизинде каржыланууда

Түндүк -Түштүкалтернативдик автомобиль жолунун 3-чү Фазасы болуп эсептелинген Дыйкан-Кызыл-Жылдыз жол бөлүгүн реабилитациялоо долбоору Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан насыялык макулдашуулардын негизинде каржыланууда. Бул долбоор алкагында, 2018-жылдын 16-январында «Saudi Tech-Spectrum Engineering» консультациялык компаниясы менен келишимге кол коюлуп, консультант иш долбоорун жана тендердик документтерди даярдоо иштерине киришкен.

Азыркыучурда, курулуш иштерин аткаруу үчүн подрядчыны тандоо боюнча тендердик процедуралары жүргүзүлүүдө.

Долбоордун курулуш иштерин баштоо үчүн подрядчынын курулуш базасын жана техникаларынмо билизациялоо жумуштары 2018-жылдын октябрь-ноябрь айына пландаштырылууда.

Ошондой эле, Түндүк -Түштүк алтернативдик автомобиль жолунун 3-чү Фазасынын уландысы болуп эсептелинген Эпкин айылынан-Башкууганды айылына чейинки автмобиль жолун реабилитациялоо иштеринин долбоору Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланууда. Бул жол участкасынын жалпы узундугу 70 чакырым. Министрлик тарабынан подрядтык жумуштардын сатып алуу тендерине катышкан мекемелердин тендердик сунуштарын балоо процедуралары 2018-жылдын март айында бүткөрүлүп, балоочу отчету Азия Өнүктүрүү Банкынын жактыруусуна март   айынынаягында жөнөтүлгөн.Учурда Банктын жактыруусу күтүлүүдө.

Мындан сырткары, учурда Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан Балыкчы-Кочкор (жалпыузундугу 43 чакырым) жана Кочкор-Эпкин (жалпыузундугу 25 чакырым) жол участкаларын реабилитациялоо иштерин каржылоо маселеси быйылкы 2018-жылдын ортолорунда Азия Өнүктүрүү Банкынын директорлордун Кеңешинде каралмакчы. Азыркы учурдаушул экиучасткасынын деталдык долбоорлорун жана тендердик иш-кагаздарын түзүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

КРТжЖМ басма соз кызматы