mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 1-фазасын куруу, Кызыл-Жылдыз а. – Арал а.(183км-195км) жана Казарман а.– Жалал-Абад ш. (км 291-433) участоктору, Көк-Арт ашуусундагы 3,8 км жаңы тоннелин кошкондо

Донору: Кытай Экспорттук-Импорттук Банкы

Насыянын суммасы: 399,9 млн. АКШ долл.

Консультанты: «Кыргыздортранспроект» ДИИ

Подрядчысы: «Чайна Роуд энд Бридж Корп.»

Курулуш иштеринин башталышы: 2014-жылдын апрель айы

Бүтүрүү: дефекттик мезгилди эсепке алганда, 2021-жылдын ноябрь айына пландаштырылууда.

Курулуш иштери

Курулуш иштери аба-ырайы оңолгондон кийин 2018-жылдын март айынын акырында башталган.

Участок 1 Кызыл-Жылдыз – Арал, узундугу 12,4 км, толугу менен 2016-жылдын курулуш сезондун аягында бүткөн.

Участок 2 Казарман – Джалал-Абад, узундугу 138,5 км, анын ичинде Көк-Арт ашуудагы тоннель.

Төмөнкү асфальт жана бетон жабуусу төшөлдү:

— Алдынкы катмары 108 км, калыңдыгы 9 см;

-Үстүнкү катмары 102 км, калыңдыгы 6 см.

Тоннелди казуу галереяны кошуп:

түштүк порталында – 696 м,          штольня – 848 м.

түндүк порталында – 1352 м,         штольня – 1729 м.

Бүгүнкү күндө аткарылган иштердин жалпы суммасы 271 млн.АКШ долларын түзөт (67,7%).

Азыркы учурда курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

 

Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 2-фазасын куруу, узундугу 99 км-деги  Арал а– Казарман а.(км 195-291) чейинки участок.

Донору: Кытай Экспорттук-Импорттук Банкы

Насыянын суммасы: 298,7 млн. АКШ долл.

Консультанты: «Кыргыздортранспроект» ДИИ

Подрядчысы: «Чайна Роуд энд Бридж Корп.»

Курулуш иштеринин башталышы: 2015-жылдын август айы

Бүтүрүү: дефекттик мезгилди эсепке алганда, 2021-жылдын октябрь айына пландаштырылууда

Курулуш иштери

Курулуш иштери аба-ырайы оңолгондон кийин 2018-жылдын март айынын акырында башталган.

Төмөнкү асфальт жана бетон жабуусу төшөлдү:

— Алдынкы катмары  32 км, калыңдыгы 9 см;

-Үстүнкү катмары 29 км, калыңдыгы 6 см.

Долбоор участкасында жалпы узундугу 1472 пм 2 эстакадалык көпүрө курулууда.

  1. 282 км-деги Эстакадалык көпүрө, узундугу 1076м, андагы 76 сваянын ичинен 65 куюлду, мындан тышкары бийиктиги 15 метр болгон 23 таянычы көтөрүлүүдө, 19 төрт бурчтук балка бетондолду;
  2. 285 км-деги узундугу 396 метр болгон Эстакадалык көпүрө, 38 сваянын ичинен баардыгы бүткөрүлдү жана 20 метр болгон орто бийиктиктеги баардык 19 таянычы көтөрүлдү, 53 төрт бурчтук балка бетондолду.

Ошондой эле , 28 балка орнотулду (7 пролет, 150 метр).

Курулуш иштери 199 млн. АКШ долларга аткарылды (66,9 %).

Азыркы учурда курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

 

БАРЭК 1 жана БАРЭК 3 транспорттук коридорлорунун бириктирген жолдун Долбоору, жалпы узундугу 70 км.

89 –  159 км-ге чейинки участок

Донору: Азия Өнүктүрүү Банкы

Долбоордун суммасы: 114,35 млн.АКШ доллары;

Консультанты: Gentek International Engineering and Consulting Limited

Курулуш иштеринин башталышы:  2018-жыл

Бүтүрүү: дефекттик мезгилди эсепке алганда, 2022-жылыпландаштырылууда.

2018-жылдын 7-сентябрда курулуш иштерин аткаруу боюнча контрактка Todini Costruzioni Generali. S.P.A (Италия) мекемеси менен кол коюлду.

Азыркы учурда подрядчы кызматкерлерин участокко тартуу иштерин жүргүзүп жатат. Жакынкы арада министрлик тарабынан участок подрядчыга өткөрүлүп берилет.

 

БАРЭК 1 жана 3, коридорлорун ортосундагы бириктирүүчү жолдорунун Долбоору, Кошумча каржылоосу (Түндүк-Түштүк, 3 фаза)

Донору: Азия Өнүктүрүү Банкы

Участок         Балыкчы шаары-км 0-43; Кочкор айылы – Эпкин айылы

Долбоордун суммасы:       90,75 млн.АКШ доллары;

Курулуш иштеринин башталышы:  2019-жыл

Бүтүрүү: 2023-жыл

Азыркы учурда долбоорду каржылоо боюнча АӨБ менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

 

БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоорунун Бишкек-Ош автожолу, 4-Фаза(Бишкек-Кара-Балта участкасы), жалпы узундугу 45,5 км.

Донор: Азия Өнүктүрүү Банкы

Долбоордун баасы: 120,8 млн. АКШ доллары, анын чинен:

Насыя – 65 млн. АКШ доллары;

Грант  — 35 млн. АКШ доллары;

КР Өкмөтү – 20,8 млн АКШ доллары.

Консультанты: Eptisa Servicios de Ingenieria, S.L.

Подрядчы: Сhina Railway №5

Курулуш иштеринин башталышы: 2017-жылы.

Дефекттик мөнөөтүн эсепке алуу менен Долбоордун бүткөрүлүшү 2021-жылдын апрель айына пландаштырылууда.

Бул долбоордун алкагында эки компонент каралган:

1-Компонент (Бишкек-Кара-Балта участогу):

Курулуш иштери:

Бүгүнкү күндө төмөнкү иштер бүтүрүлдү:

— 4914 бак-дарактарды кыюу, 1 кыйылган бактын ордуна 3 жыңы бак отургузулат;

— км 45,6 – км 51,6 жана км 15,9 – км 19,8 участкаларда:

— 156 618 м3 экскавациялоо жана жарай турган материалды алып чыгару, жол түзүлүшүн көтөрүү иштерине колдонуу;

— 102 795 м3 жол катмарларынын түбүн куруу;

— 38 061 м3 негизги жол катмарын төшөө;

— 18 190 м3 кара шагыл төшөө, жалпы узундугу 9,5 км түзөт;

— 5 473 м3 асфальтобетондун астынкы катмарын төшөө, жалпы узундугу 5,5 км бир жагынан түзөт;

— 53 даана суу өткөрүүчү түтүктөрүн куруу иштери бүттү жана бир жагынан 10 даана;

— 42 шт. электрлиниялардын таянычын көчүрүү жана жаңысын орнотуусу (ЛЭП) бүтүрүлдү;

— 117 шт. байланыш линиялардын таянычын көчүрүү жана жаңысын орнотуусу (ЛС) бүтүрүлдү;

— 18+367 км Жыламыш көпүрөсүндө 98% иштери бүтүрүлдү;

— 27+709 км Сокулук көпүрөсүндө 50 % иштери бүтүрүлдү;

— 44+030 км Ак-Суу көпүрөсүндө 26 % иштери бүтүрүлдү;

— 44+600 км Ак-Суу көпүрөсүндө 45 % иштери бүтүрүлдү;

2-Компонент (Кара-Балта – Тоо-Ашуу тоннелге чейинки участок):

Кара-Балта – Суусамыр  автожолунан Тоо-Ашуу (61км– 129км) туннелине чейинки участоктордун негизинде, жолду кармап-күтүү боюнча жогоруда белгиленген Долбоордун бөлүгү болуп- Пилоттук Келишим эсептелет

Жумуштун көлөмү: Бул маршрут боюнча автотранспорттордун кыйынчылыксыз өтүүсүн камсыз кылуу үчүн, 3 жыл ичинде  мүмкүнчүлүккө жараша, жыл бою тийиштүү ремонт жана  кармап-күтүү   жүргүзүлүп турат. Долбоор менен 8 км жолду реабилитациялоо жана 9 км жолдун үстүнкү катмарын алмаштыруу каралган. Участокту кароо жана жол-жобосунда жол жабууларын ремонттоо, жол белгилерин алмаштырып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу дренаждык курулмаларды кароо, жол боюндагы өсүмдүктөргө көзөмөл жүргүзүү, көпүрөлөрдү ремонттоо, откосторду бышыктоо, кышкы кароону камсыз кылуу жана жол жабууларын ар-түрдүү аба-ырайынын шарттарында кароо аткарылат.

2017-жылдын 18-декабрында ЖЧК “Мосдорстрой” менен келишимге кол коюлган. Подрядчы 2018-жылдын 1-январынан баштап жумуштун кароо иштерин баштады.

Азыркы учурда төмөнкү жумуштар аткарылган:

— узундугу 8,3 км болгон км 61 – км 117,5 участогунда асфальтобетондун үстүнкү катмарын алмаштыруу;

— узундугу 6,2 км болгон км 121 – км 129 участогунда реабилитация иштери аткарылды;

— узундугу 8,3 км болгон км 63,8 – км 64, км 71,3 – км 73,8, км 82 – км 84 участокторунда жол бетин майда таштар менен бодурлоо;

— км 63 — км 121 участогунда чуңкурларды жамоо иштери, жалпы көлөмү 12 000 м2;

— 116,7 км; 110,7км; 113,8 км, 104 км участокторунда таштарды тегиздөө, жалпы көлөмү 1000 м3;

— км 83 – км 129 участогунда 82 түтүк тазаланды.

 

 

БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоорунун Бишкек-Ош автожолу, 4-Фаза (Маданият-Жалал-Абад участкасы), жалпы узундугу 67 км.

Донор: Евразиялык Өнүктүрүү Банкы.

Долбоордун суммасы:         72 млн. АКШ доллары

Консультант: Renadet (Швейцария)

Контрактын баасы: 3 536,4 млн. сом..

2018-жылдын 11-июлунда ОсОО Азвирт компаниясы менен контракт түзүлдү, жалпы суммасы 51 611 409 АКШ доллары.

Подрядчы менен контракттык мөөнөт, дефекттик мезгилди кошкондо 48 айды түзөт (2018-жылдын 29-июнунан – 2022-жылдын 29-июнуна чейин).

Азыркы учурда подрядчы тарабынан долбоордук участкага деталдык долбоор даярдалып жатат жана ошону менен бирге жол куруучу техникалар участкага мобилизацияланып жатат.

Пресс-кызмат