mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашуудагы тоннелде оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

К.Көлбаев атындагы тоннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, жарыктары жаңыртылып, дубалдарын актап, сырдоо иштери кызуу жүрүүдө. Мындан улам унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип жатат. Буга чейин белгилүү болгондой, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин жол жабылып, оңдоо иштери жүрүүдө.

Аталган аймакта жол коопсуздугун ЖКККББнын инспекторлору көзөмөлдөп жатышат. 19-майдан тарта киргизилген мындай чектөөлөр болжолдуу 28-июнга чейин уланат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы