mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашуу ашуусунда түшкөн кар көчкү тазаланды. Ошондой эле, Бишкек-Ош унаа жолунун Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө 12:00 алынды

10-январь күнү саат 10:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында көлөмү 160 метр кубду түзгөн кар көчкү түшүп, унаа жолдун бир тилкесин жаап калган. №9 ЖТИнын кызматкерлери жолдун жээгин кар көчкүдөн тазалашкан.

2023-жылдын 10-январында саат 10:30дан тарта Бишкек-Ош унаа жолунун Сосновка постунда аба ырайынын жана климаттын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген. Чектөө кайрадан 12:00 алынды.

Кыргызгидромет билдиргендей, 10-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдор карга толуп, муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Өтмөк ашуусунда 2023-жылдын 10-январында бир аз кар жаап, кар күрткүсү, жана кара муз жаашы мүмкүн. КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №36 ЖТИнын кызматкерлери Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун 21-чакырымында түнкү саат үчтөн баштап ашууну инерттүү тайгака каршы материалдар менен толтуруп жатышат. Ушундай эле иштер Нарын облусунун Кочкор районундагы жолдордо Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 124-чакырымынан 133-чакырымына чейинки аралыкта Кемин районундагы №955, №32 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы №30 ЖТИ тейлеген жолдордо бардык багыттар боюнча каттамдар ачык болсо, Тогуз-Тороуз районунда да ушундай эле абал түзүлүп, жолдорду№18 ЖТИ кызматкерлери тейлеп жатышат. Ысык-Көл районундагы Кара-Кол-Эңилчек унаа жолунда Чоң ашуу ашуусунда өтмөк ачык, жолду кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Түп-Кеген унаа жолунда жааган кардан кийинки карды тазалоо иштери жүрүүдө

Бишкек-Ош унаа жолунун 209-чакырымынан 260-чакырымына чейин кар күрткүсү байкалып, жол тайгакка каршы инерттүү материалдар менен да толтурулган. Төө-Ашуу ашуусунда да аба ырайы бүдөмүк болуп, №9 ЖТИнын кызматкерлери 70-чакырымдан 209-чакырымга чейин кар күрткүлөрүн, тосмолорду тазалап, трассаны инертүү матриалдар менен толтурууда. 6-чакырымдан 209-чакырымга чейин, 124-чакырымдан 129-чакырымга чейин кар күрткүсү байкалып, 10-январда саат 10:30да аба ырайынын жана климаттын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу «Сосновка» постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген.

Республиканын түштүгүндө Ош облусунун Алай районундагы Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда №959-ЖТИнын жумушчулары жогоруда аталган иштерди татаал кесилиштерде атайын техниканы тартуу менен күнү-түнү нөөмөт менен жүргүзүүдө.

Аба ырайынын ыңгайсыздыгына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн ашуулардагы каршы тилкеге ​​чыкпоону сунуштайбыз.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ошондой эле унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн тегиз жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.

Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөй жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы