mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашуу ашуусунда 2022-жылдын 30-ноябрынан баштап саат 11:30дан бүгүнкү күнгө чейин аба ырайына жана климаттык шарттарга байланыштуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө бар.

КР Транспорт жана коммуникациялар  министрлигинин  №9-ЖТИнын кызматкерлери жолду кардан тазалоо жана тайгалактан сактануучу инерттүү материалдарды жолго себүүдө.

Чүй районунун Жол кайгуул кызматы тарабынан жүк ташуучу жана жеңил унааларда кардын чынжырларынын бар-жоктугун текшерүү иштери жүрүп жатат. Себеби кар чынжырлары жок унаалардын айдоочулары Төө-Ашуу ашуусунда өтө албай тыгындарды жаратууда.

2022-жылдын 1-декабрында саат 18:00гө карата Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, туннелдин түндүк тарабынан 128 км аралыкта кар күрткүсү байкалууда. Белгилей кетсек, 2022-жылдын 30-ноябрында Төө-Ашуу ашуусунда жүк ташуучу унааныны  чиркегичи жолду тосуп калгандыгына байланыштуу тыгын болгон. Транспорт министрлигинин №9 ДЭУнун кызматкерлери чиркегичи бузулган жүк ташуучу унааны жолдун жээгинен сүйрөп чыгып, Бишкек-Ош унаа жолунун 128-чакырымына чейин унаалардын тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыздап, аталган тилкеге ​​эки тилкеден өтүүгө ​​ шарт түзүштү.  Ошондой эле жол кызматкерлери тарабынан Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма жана башка ашууларда жолду  кардан тазалоо, тайгака каршы матриалдарды себүү жумуштары аткарылууда.

2022-жылдын 30-ноябрында саат 17:00дө Сосновка транспорттук көзөмөл пунктунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилип, ал азыркы убакытка дейре күчүндө.

Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну, жана жасалма тыгындарды жана жол кыймылын жаратпоо үчүн ашууларда каршы тилкеге чыкпоону сунуштайбыз. ТжКМ ошондой эле унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн ашууларга киргенде кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуулардан өткөндөн кийин тегиз жерлерде жолду деформациялап албаш үчүн кардын чынжырларын алып салуу керек.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы