mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Сосновка постунда бүгүн, 18-апрель саат 09:00дон тарта оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Азыркы тапта жолчулар жана жерине тартылган атайын техникалар жолду тазалап, инерттик материалдарды чачып жатышат. Күн бүркөк, бороон басыла элек.

Эске салсак, жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу максатында кечээ, 17-апрель түнкү саат 02:00дон тарта Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга, ал эми 14:40та жеңил унааларга убактылуу чектөө киргизилип, жол эки тараптуу жабылган. Тынымсыз тазалоонун аракетинде кечинде жеңил унаалар үчүн каттам берилип, кыймыл жанданган.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы