mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

2-5-май күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол–Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон–Ак–Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан шашылыш билдирүүдө айтылат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы зарыл экенин эскертет. Ал эми мекемеге караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө берилген аймакты толук көзөмөлгө алып, жаралган кырдаалды тез арада жөнгө салууга даяр турушат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы