mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

САТЫП АЛУУ БОЮНЧА АТАЙЫН БИЛДИРҮҮ АЛДЫН АЛА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАНДОО ӨТКӨРҮҮГӨ ЧАКЫРУУ

Кыргыз Республикасы

Түндүк–Түштүк альтернативдүү авто жолун реконструкциялоо долбоору, 159-183 чк

Багыты: Инфраструктура

Иштерди сатып алуу

Насыянын №: KYR-0052

 

Бул алдын ала квалификациялык тандоо тууралуу чакыруу, сатып алуулар 2015-жылдын 15-сентябрында «Asharq Alawsat» (Лондон, Улуу Британия) газетасында жарыяланган долбоор боюнча жалпы билдирүүгө тийиштүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ислам өнүктүрүү банкы (ИѲБ) жана Сауд өнүктүрүү фондусу (СӨФ) тарабынан Түндүк–Түштүк альтернативдүү автожолунун 159-183-чакырым участогун реконструкциялоо долбоорунун чыгымдарын жабуу үчүн насыяларды алды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул каражаттардын бѳлүгүн келишим боюнча эки тилкелүү автожолдун 24 чакырымын  реконструкциялоого сарптоону пландаштырууда. Бул келишим ИѲБ, СӨФ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан биргеликте каржыланат.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жолдун эки жагынын кеңдигин 3,5-3,75 м чейин орнотуу, жолдун унаа жүрүүчү бөлүгү 15,0-17,5 м, жол тилкесинин кеңдиги 15,0-17,5 м (Балыкчы-Жалал-Абад) учурдагы жолдун эки жана төрт  кыймыл тилкеси, узундугу 24 чакырым  реконструкциялоо үчүн подрядчыларды жана/же фирмаларды алдын ала квалификациялоо иштерин кароодо.

Алдын ала квалификациялоону тандоо ИӨБ товарды жана жумуштарды сатып алуулар боюнча 2009-жылында чыгарылган колдонмосунда көрсөтүлгөн процедураларына ылайык жүргүзүлөт жана бул тандоо  ИӨБ аныкталган мүчө-өлкөлөрүү болгон  өлкөлөрдүн бардык катышуучу-мамлекеттери үчүн да ачык.

 

Кызыкчылыгы бар, укуктуу талапкерлер кошума маалыматты жана алдын ала квалификациялоо тууралуу документтерди Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинен тѳмѳндѳ кѳрсѳтүлгѳн дареги аркылуу 09:00 — 17:00 чейин алууга болот (Бишкек убакытты). Кызыкчылыгы бар талапкер алдын ала квалификациялоо тууралуу документтердин топтомунун англис тилиндеги бир экземплярын алуу үчүн, тѳмѳндѳгү кѳрсѳтүлгѳн дарекке кат түрүндѳ билдирүү жѳнѳтүү менен жана эки жүз АКШ доллар (200 АКШ долл.) кайтарылгыс төлөмүн төлөгөндөн кийин алууга болот. Тѳлѳмдүн шарттары: – акчалай же тастыкталган банк чеги жана тѳмѳндѳгү кѳрсѳтүлгѳн счетко тикелей тѳлѳм:

 

Кабыл алуучу: PROEKT RECONSTRUKTSIYA  ALTERNATIVNOY AVTODOROGI SEVER-IUG

Кабыл алуучунун счету №:1180000090093002,

Demir Kyrgyz International Bank (Bishkek, Kyrgyzstan)

720001, Bishkek, 245 Chui Avenue, Bishkek, Kyrgyzstan

SWIFT: DEMIKG22

BIC: 103001

Банк-корреспондент: RAIFFEISEN BANK INTERNATIONAL AG (Vienna, Austria)

Am Stadtpark 9, A-1030 Vienna, Austria

SWIFT: RZBAATWW

Счетунун номери: 70-55.089.015

 

Алдын ала квалификациялоого катышуу документтерин бир гана Транспорт жана жол министрлигинин Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунан, тѳмѳндѳгү кѳрсѳтүлгѳн даректен алууга болот.

Алдын ала квалификациялоого катышууга билдирүүлѳр, мѳѳр басылган конвертте «Түндүк–Түштүк альтернативдүү автожолун реконструкциялоо долбоору, 159-183 чк боюнча алдын ала квалификациялык тандоого катышууга билдирме» — деген так маркировка болушу шарт жана 2018жылдын 6-апрели, саат 1400гө чейин берилиши зарыл.

 

Ислам Өнүктүрүү Банкынын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобу (ИӨБ ИДИТ)

Кимге: ИӨБ ИДИТ Директору,  Осоев Эркинбекке

Кыргыз Республикасынын транспорт жана  жол министрлиги

Кыргыз Республикасы,  Бишкек 720017

Исанов көчөсү 42, 6-кабат, 611-кеңсе

Тел:     +996 312 31-43-88, 31-47-22

Факс:  +996 312 31-43-88

Эл.почта: piumotckr@gmail.com

 

Эскертме:  Кызыкчылыгы бар катышуучу кошумча маалымат алыш үчүн же түшүндүрмө керек болгондо Ислам өнүктүрүү банкына (ИѲБ) же Сауд өнүктүрүү фондусуна (СӨФ) эмес министирликтин жогоруда көрсөтүлгөн дарегине кайрылышы зарыл.

пресс-кызмат