mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

САТЫП АЛУУ БОЮНЧА АТАЙЫН БИЛДИРҮҮ АЛДЫН АЛА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАНДОО ӨТКӨРҮҮГӨ ЧАКЫРУУ

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо долбоору, узундугу 80,5 км, 104-184,5-км
Багыты: Инфраструктура
Иштерди сатып алуу
Каржылоо режими: насыя
Каржылоо: KGZ-1019 (IsDB), 757/7 (SFD), 13204P (OFID), 1054 (KFAED)

1. Алдын-ала квалификациялоого катышууга чакыруу бул долбоор үчүн сатып алуу жөнүндө 14.08.2021-ж. ИӨБ, DGMarket жана 16.08.2021 ж. БУУнун UN Development Business веб-сайттарда жарыяланган жалпы билдирүүгө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ислам Өнүктүрүү Банкынын (ИӨБ), Сауд Өнүктүрүү фондунун (СӨФ), ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун жана Кувейт араб экономикалык ɵнүктүрүү фондунун (КАЭӨФ) курамында 104-184, 5 км болгон Араб координациялык тобунан (АКГ) каражат алган жана бул каражаттардын бир бөлүгүн Ысык-Көл айланма жолунун 80,5 чакырымын реконструкциялоого контракт боюнча иштерге төлөө үчүн пайдаланууга багытталууда. Жарандык иштерге контракт ИӨБ, СФР, КАЭӨФ жана ОПЕК кредиттеринин каражаттарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы тарабынан биргелешип каржыланат.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги Корумду менен Балбай айылдарынын ортосунда жайгашкан 80,5 км узундуктагы Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо боюнча иштерди аткаруу үчүн подрядчиктерди жана/же компанияларды алдын ала квалификациялоону карайт, 11,5 тонна октук басымга долбоорлонгон II категорияга жолду жакшыртуу, 4 тилке 2 тилкелүү багыттагы жол кыймылы менен, анын ичинде 13 көпүрө куруу жана реконструкциялоо, 219 тегерек жана чарчы түтүк, зарыл болгон жер жана дренаж иштери, бардык участокто велосипед жолу, жарык берүүчү лампаларды орнотуу (жарык берүү) жана башка көмөкчү иштер каралган. Квалификацияга чейинки тандоого катышууга төмөнкү негизги квалификациялык мүнөздөмөлөргө ээ талапкерлер чакырылат:
• Финансылык ресурстар: курулуш керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн минималдуу финансылык ресурстар 7 500 000,0 АКШ долларына бааланат.
• Орточо жылдык курулуш жүгүртүү: минималдуу орточо жылдык курулуш жүгүртүү 45 000 000,0 АКШ долларын түзөт.
• Курулуш жана контракттык башкаруу боюнча тажрыйба: ар биринин минималдуу баасы 72 000 000,0 АКШ доллары болгон кеминде 2 окшош контракт 2017-жылдын 1-январынан жана арыз берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин канааттандырарлык жана олуттуу түрдө аткарылган.
Квалификациялык талаптар боюнча кеңири маалымат Квалификациялык документте берилген.
Тендерге чакыруу 2022-жылдын май айында күтүлүүдө.
4. Алдын-ала квалификациялоо 2019-жылы басылып чыккан «Ислам Өнүктүрүү Банкынын каржылоосун пайдалануу менен товарларды жана иштерди сатып алуу боюнча Колдонмо» квалификациялык тандоо жол-жоболоруна ылайык ишке ашырылат. Тендер колдонмодо аныкталгандай ачык эл аралык конкурстук (тендердик) жол-жоболорго негизинде өткөрүлөт.
5. Кызыктар тараптар Бишкек убактысы боюнча саат 09:00дөн 17:00гө чейин төмөндөгү даректен кошумча маалымат ала алышат жана квалификацияга чейинки документтер менен тааныша алышат.
6. Кызыктар тарап алдын-ала квалификациялоо маалыматты карап чыккандан кийин, төмөндө көрсөтүлгөн дареке жазуу жүзүндө арыз берүү менен бир нускасы үчүн үч жүз АКШ долларын (300$) кайтарылбай турган төлөмдү төлөп, англис тилиндеги алдын-ала квалификациялоо документтерин толук топтомун сатып ала алат. Төлөө ыкмасы банктын накталай чеги, түз төлөм болуп болуп саналат (төлөп жатканда көрсөтүлгөн 300 АКШ доллары счетко толук которулушу керек) төмөнкү эсепке:
Beneficiary Name: Reconstruction of the Issyk-Kul Ring Road Project.
Beneficiary Bank: JSC RSK BANK (Bishkek, Kyrgyz Republic)
Bank Address: 80/1, Moscowskaya Street, Bishkek, Kyrgyz Republic
Account US$:1299004220006641
SWIFT: SESVKG22
BIC: 129001
Correspondent Bank: PAO VTB Bank (PJSC), Moscow Russia
SWIFT BIC: VTBRRUMM
Account: 30111840955550000142
Intermediary Bank: CITIBANK, New York, NY, USA
SWIFT BIC: CITIUS33
Account: 36208997
7. Кызыктар болгон подрядчик же компания документтерди Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министирлигинин Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорду ишке ашыруу тобунан Бишкек убактысы боюнча саат 09:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча гана сатып алууга болот.
8. Алдын-ала квалификацияга катышуу боюнча сунуштар 2022-жылдын 14-март айынын саат 14:00гө чейин, “Ысык-Көл айланма автожолун узундугу 80,5 км реконструкциялоо (Корумду-Балбай Баатыр, 104-184,5 км) долбоору боюнча алдын ала квалификациялоого катышууга өтүнмө” деген так жазылган конверттерде төмөндөгү дарекке кечиктирилбестен жеткирилиши керек. Электрондук тендерге жол берилбейт. Кечигип түшкөн сунуштар четке кагылат. Сунуштар тендерге катышуучулардын өкүлдөрүнүн жана төмөндө көрсөтүлгөн дарек боюнча келүүнү каалагандардын баарынын катышуусунда ачык болот.
9. Жогоруда көрсөтүлгөн дарек:
Ислам Өнүктүрүү Банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобу,
Замирбек Шадыбеков, ИӨБ ДИАТ директору,
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Исанов көчөсү, 42, 6-кабат, каб. № 611,
720017, Бишкек ш., Кыргыз Республикасы,
Тел: +996 312 31-43-88, 31-47-22,
Факс: +996 312 31-43-88,
Эл.почта: piumotckr@gmail.com

Эскертме: Кызыкчылыгы бар подрядчик же компания кошумча маалымат алыш үчүн же түшүндүрмө керек болгондо Донорлорго эмес министирликтин жогоруда көрсөтүлгөн дарегине кайрылышы зарыл.