mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Салмак-габаритти көзөмөлдөө постторунда көзөмөл күчөгөндөн кийин протоколдордун саны былтыркыга салыштырмалуу 299%га, ал эми чогултулган айып пулдардын саны 253%га өстү

Салмак-габаритти көзөмөлдөө постторунда көзөмөл күчөгөндөн кийин 2022-жылдын алгачкы үч айына салыштырмалуу быйыл түзүлгөн протоколдордун саны 299%га, ал эми чогултулган айып пулдардын саны 253%га өстү. Анын ичинен ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга карата салынган айып былтыркы жылга салыштырганда 233%га көп болгон.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев фейсбуктагы баракчасына пост жазып, министрлик кызматка киришкенден кийин эле Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин кызматкерлерине аттестация өткөрүп, компетенттүү эмес кызматкерлер жумуштан кеткени тууралуу жазган. “Урматтуу туугандар, дал ушул тармакта коррупциялык схемалар арбын деген маалыматтар абдан көп келет. Убакыттын тардыгына байланыштуу баарыңыздарга жооп бере албай калып жатам. Бирок бардык маалыматтарга биз тараптан тиешелүү чаралар көрүлүп, убагында тиешелүү органдарга берилүүдө”,-деген министр.

Белгилей кетсек, алдыда салмак-габаритти көзөмөлдөө постторунун баарына видеобайкоо орнотулат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы