mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Республика боюнча кар көчкүдөн кийин жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 2023-жылдын 20-февралында республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.

Чүй облусунда +4…+9; Таласта +3…+8; Баткенде +6…+11; Ош, Жалал-Абад облустарында +6…+11; Ысык-Көлдө +3…+8, Нарын облусунда -3…+2.

Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолдорунун 65-90-чакырымдары, Красная-Горка-Акташ жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу 0-138-чакырымдары унаалардын бардык түрлөрү үчүн убактылуу жол жабылды.

Ошондой эле, Долон ашуусун да кар көчкүлөрдү атайын атып  түшүрүү  максатында убактылуу жол жабылды. Аталган жолдорго кар көчкү түшүп, учурда жол кызматкерлери жолду кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолу 20-февраль күнү болжол менен саат 16:00дө ачылат. Бул жерде эки жүктөгүч, эки бульдозер жана бир манипулятор иштеп жатат. 105-чакырымдан 107-чакырымга чейин тынымсыз кар көчкү түшүп, КР Транспорт министрлигинин №26 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан тазалоодо .

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 166-чакырымында бир күн мурда түшкөн кар көчкү тазаланды. Кар көчкү 2023-жылдын 20-февралында саат 02:00дө түшүп, 03:15те  №960-ЖТИнын  кызматкерлеринин аракети менен тазаланып, унааларды бир тилке менен өткөрүүгө уруксат берилген. Кар көчкүнүн болжолдуу көлөмү 4000м3 .

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кара-Үңкүр тилкесинде кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүү иштери башталып, жол убактылуу жабылды. 19-февралда саат 20:00дө жол убактылуу ачылса, 20-февраль күнү эртең менен саат 09:00дө кар көчкүсүн түшүрүү иштерин улантуу үчүн кайрадан жабылган.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 272-319-чакырымдарында кар көчүнү атайын атып түшүруү иштери жүрүлүп жатат,  каттам болжол менен 17:00до берилет.

Ошондой эле Долон ашуусу убактылуу жабылды. Ал жерде да көчкүлөрдү атайын атып  түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Нарын шаарында жолдорду тазалоо иштерине байланыштуу Кара-Гоо ашуусу кечке чейин жабык.

Калган аймактар ​​каттам бар.

 

Өлкөнүн Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма, Чыйырчык, Талдык, Долон, Чар, Акбейит, Тузбел, Торугарт, Кубакы, Кызарт, Кара-Гоо сыяктуу ашууларында кар тазалоо жана  тайгакка каршыинертүү матриалдар менен жолдорду толтуруу иштери  жүрүп жатат.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлерде кардын чынжырларын алып салуу керек .

Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы