mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна кол койду.

Аталган  Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Аталган долбоор «Ачык асман» деп аталып, максаты бардык учактардын Кыргыз мамлекетинин аба мейкиндиги аркылуу каттоосуна мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.

Мыйзам долбоорун Абдывахап Нурбаев баш болгон депутаттар тобу демилгелеп, өкмөт менен чогуу иштеп чыккан. Долбоор ишке кирген 6 айдан кийин жыйынтыгын берери айтылган.
«Ачык асман” — бул чет элдик авиакомпаниялар өз өлкөсүнөн Кыргыз мамлекетине учуп келип, транзит катары конуп, жүк таштап же жүктөп, жүргүнчү алып же таштап, май куюп, кайра үчүнчү өлкөгө учууга укук берген саясат. Аны Кыргыз өлкөсү 2003-жылдан бери ишке ашыра албай келет. Эксперттердин айтымында, «Ачык асман» ишке ашса, ички жана сырткы аба каттамдарынын билеттери арзандап, тейлөө жакшырат. Бирок бул ата мекендик авиакомпанияларды банкротко учуратат. Мындан улам аталган мыйзам долбоору депутаттар жана жергиликтүү авиакомпаниялар ортосунда талашка түшкөн болчу.
пресс-кызмат