mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу эки тараптуу ачылды

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу эки тараптуу ачылып, токтоп турган унаалар өткөрүлдү. Азыркы тапта чынжыры жок жана айдоочулары калтырып кеткен машинелер гана турат. №960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жерине тартылган атайын техникалар менен жолдорду кеңейтүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Белгилей кетсек, 11-апрель күнү тынбай жааган кардан жана катуу бороондон улам жолдо кар күрткүсү пайда болуп, жол убактылуу жабылган. Тынымсыз тазалоонун натыйжасында бир тараптуу каттам берилип, 12-апрелге караган түнү эки тарап тең ачылып, топтолгон унаалар өткөрүлгөн. Бирок бороон басылбай, жолдо турган унаалар эки, үч катарга тизилип, атайын техникалардын иштөөсүнө тоскоолдук жараткандыктан жол кайрадан убактылуу жабылган. Тазалоо иштери 214-234-чакырым аралыгында жүрүп, жаралган кырдаал жолчулар тарабынан жөнгө келтирилип, каттам кайра жанданды.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы