mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Ноокат-Баткен автожолу «Эл аралык маанидеги магистралдык жолдорду жакшыртуу» долбоорунун алкагында реабилитацияланат

Ош-Ноокат-Баткен автожолу «Эл аралык маанидеги магистралдык жолдорду жакшыртуу» долбоорунун алкагында реабилитацияланат

Ош-Ноокат-Баткен автожолунун 28-километринен 75-километрге чейин «Эл аралык маанидеги магистралдык жолдорду жакшыртуу» долбоорунун алкагында реабилитацияланат. Негизинен бул аралыкта автожолдун реабилитациясы эки компоненттин негизинде ишке ашырылат.

Ош-Ноокат-Баткен автожолунун 28-километрден 75-километрге чейин реабилитациялоо Бишкек-Ош автожолундагы жаратылыш кырсыктарын алдын алуу. Долбоордун алкагында Япония тарап жаратылыш кырсыктарынан коргой турган инженердик курууларды ишке ашыра турган компаниялар тандалып алынган. Негизинен коргоочу инженердик курулуштар:
— 400,1 – 400,8 км жер өтмөгүнүн курулуш каралган:
— 409 км – тоо боорунан кулаган таштардан коргоочу дубал
— 451 км. – суу ташкындардан, селден коргой турган дубалдын курулушу каралган.

Учурда долбоор эл аралык консультациялык компания тарабынан деталдык негизде долборлонууда, ага Япониялык бир нече компания кирген.
Консультациялар 2018-жылдын июнь айында башталган. Деталдык долборлоону, чертеждорун даярдоо жана тендерлик документацияны 2019-жылдын декабрь айында бүтүрүү пландалган. Бирок кошумча жумуштардын кошулушунан улам аны жыйынтыктоо мөөнөтү жылдырылган.

Иш графигинин артка жылышынын бирден-бир себеби геологиялык-чалгындоо жабдуусун бажы аркылуу алып келүүдө маселелер жаралып, ал эки айга кечиктирилген, ушундан улам кышкы мезгилде чалгындоо иштери жүргүзүлүп кыйынчылыктарды пайда кылган.

Толук масштабдуу курулуш иштери эмки жылы башталаары пландалууда.

Донор: JICA — Японияныны эл аралык кызматташтык агенттиги
Долбоордун жалпы суммасы: 13,642 млрд япон йени (133,58 млн АКШ долл.)
Насыянын суммасы № KYR-P4: 11,915 млрд япон йени (116.47 млн АКШ долл.)
Насыянын шарттары: 40 жылга, женилдетилген убакыт 10 жыл, пайыздык ставка: 0,1% жылдык, консультациялык кызмат 0,01%,
гранттык каражат 45%.
КР өкмөтүнүн үлүшү: 1,727 млрд япон йен (16,88 млн долл.)
кол коюлган: 26 октябрь 2015-ж.
күчүнө кирди: 21 май 2016 -ж.
долбоордун ишке ашуу убактысы: 2018-ж.-2023-ж.