mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Ош-Бишкек-Исфана автожолунун 75-108 км. реконструкциялоо» долбоору боюнча курулуш иштер аткарылууда

2020-жылдын 10-февралына карата «Ош-Бишкек-Исфана автожолунун 75-108 км. реконструкциялоо» долбоору боюнча курулуш тилкесинде кээ бир курулуш иштер аткарылып, диаметри 1000 мм. түзгөн дюкердик түтүктөр орнотулууда. Ошондой эле жаны көпүрөнүн курулушу жүргүзүлүүдө, 78+342 километрде курулуш иштери 50 пайызга аткарылды. Мындан тышкары (98+896 км) каналда курулуш иштерин жыйынтыктоо пландалууда.
Жыйынтыкталган иштер үчүн куруучулар алдында Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрилиги жана Ислам өнүктүрүү банкы (донор) тарабынан каражаттар өз убагында төлөнүп, бүгүнкү күндө эч кандай карыз жок.
2017-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлиги жана «АлкеИншаатСанайивеТижарет» компаниясы ортосунда курулуш иштери боюнча 18,2 млн АКШ долларлык келишимге кол коюлган.
«Спектрум Инжиниринг Консалтантс С.А.Р.Л.» (Ливан) консультациялык компаниясы тарабынан курулуш иштеринин сапаты жана анын жүрүшү боюнча көзөмөл жүргүзүлүүдө. Эгерде Консультант тарабынан курулушта кандайдыр бир дефектер аныкталса, куруучу компания өз каражатына көйгөйдү чечүүгө милдеттүү.
КР ТжЖМ басма-сөз кызматы.