mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 40-46-чакырым аралыгы кеңейтилип, шагыл төгүлүп, тегизделүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жол четин тазалап, актап, сырдап, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркып, жолдордо жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруп, көчөттөрдү отургузуп, лотокторду тазалап, жолго чыккан сууларды буруп жатышат.

Бүгүн, 15-мартка карата жол кызматкерлери тарабынан аткарылган иштердин кыскача топтому:

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 40,3-46,9-чакырым аралыгында жолдун четиндеги куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, жолду кеңейтүү, шагыл материалдарын төгүү менен тегиздөө иштери кызуу жүрүп жатат.

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолу атайын техника менен тегизделип, сүрдүрүлүүдө. Көчкү түшкөн жерлер тазаланып, жолдогу суулар бурулуп жатат. Ал эми аталган жолдун Көк-Кыя тилкесинде жашылдандыруу үчүн арча көчөттөрү отургузулду.

Бишкек-Ош унаа жолунун 80-132-чакырым аралыгындагы трассанын чети таштандыдан тазаланды.

Кара — Жыгач- Сары — Челек унаа жолунун 13-чакырым аралыгында жол жээктериндеги суу алып кеткен жерлер ондолуп, бекемдөө жумуштары жүрүп жатат.
Ошондой эле, Кербен-Үч-Коргон унаа жолунун 33-36-чакырым аралыгындагы суу өтүүчү темир-бетон түтүктөрүн кол менен тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Ал эми Үч-Коргон-Дароот-Коргон жолунун 22-30-чакырым аралыгында шагыл төгүлүп, тегиздөө жумуштары аткарылып жатат.


№35 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Ак-Кочкор-Балтабай-Ырдык унаа жолун грейдер менен сүрдүрүп, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолундагы аң-чөнөктөрдү толтуруп жатышат.

Талас-Калинин-Бакай-Ата мамлекеттик маанидеги унаа жолунун 29,7-30-чакырым аралыгында жазгы ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулуп жатат.

№ 26 жол тейлөө ишканасы тейлеген Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 50-чакырымына түшкөн чоң таштар атайын техниканын жардамы менен жол четине чыгарылууда.

Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа унаа жолуна кум-шагыл төгүлүп, аймакты тейлеген жолчулар атайын техникаларды сырдап, оңдоо иштери менен алек.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы