mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 75-108 чакырымын реконструкциялоо долбоорун аяктоо алдында турат

2020-жылы Ош-Баткен-Исфана автожолунун 75-108 чакырымын реконструкциялоо долбоорунун  алкагында подрядчы «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» компаниясы тарабынан 12,5 чакырым асфальт-бетон жабдуунун катмары тɵшɵлүп,  15 даана суу өткөрүүчү түтүкчөлөрдүн курулушу бүткөрүлдү. Анын сырткары 33,8 км асфальт-бетон жабдуунун астынкы жана үстүнкү катмары тɵшɵлүп, толук бүттү. 157 даана суу өткөрүүчү түтүкчөлөр менен 5 көпүрөнүн курулуш жумуштары аяктады. Азыркы учурда долбоордун алкагында жер тилкелериндеги тротуарларды курулуп, арык лотокторун, жол белгилерин орнотуп жана башка жумуштарды аткарып жатат.

Контрактын баасы – 18,2 млн АКШ доллар (жалпы курулуш иштеринин аткарылышы 13,2 млн.АКШ.долларын же 72,5% контракттык баадан) түзөт.

2021-жылдын октябрь айында курулуш иштери аяктайт.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы