mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 75-108 чакырымын (Караван айылынан Көк-Талаа айылына чейинки бөлүгүн) реконструкциялоо долбоору” боюнча маалымат

  

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 75-108 чакырымын (Караван айылынан Көк-Талаа айылына чейинки бөлүгүн) реконструкциялоо  долбоору” Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 21,32 млн. АКШ долларына каржыланууда.

 

2017 жылы 11 майда Транспорт жана жол министрлиги менен «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» (Азербайджан) компаниясынын ортосунда курулуш иштерин аткарууга 18,2 млн. АКШ долларын түзгөн келишимге кол коюлду.

 

Азыркы учурда 97+000 чакырымдан 108+000 чакырымына чейин курулуш иштери аткарылып жатат. Аталган аралыкта жер иштери, суу түтүкчөлөрүн куруу, жолдун астынкы катмарын куруу иштери аткарылып жатат.

 

Курулуш иштери аткарылып жаткан аралыкта жолдун боюндагы айылдарга чаң болтурбоо максатында азыркы учурда 7 даана суу чачуучу машина иштеп жатат.  Анын ичинен күндүзү 5 машина, түнү  2 машина суу чачып жатат. Учурда күндүн абдан катуу ысык болуп жаткандыгына байланыштуу суу чачуу иштери атайын көзөмөлгө алынган.

 

Пресс-кызмат