mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Оор жүк ташуучу унааларды текшерүү иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгы боюнча Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 93-чакырымындагы Көк-Талаа, 380-чакырымындагы Айланма транспорт көзөмөлдөө пунктунун тескөөчүлөрү жана аталган жолдун 124-чакырымында иш алып барып жаткан мобилдик топ оор жүк ташуучу унааларды текшерүү иштерин улантууда.

2023-жылдын 13-май күнү жалпы 27 оор жүк ташуучу жана 5 жүргүнчү ташуучу унаа текшерилип, 2 мыйзам бузуу аныкталды. Ага түшүндүрүү иштеринен соң протоколдор толтурулду.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы