mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ноокат районундагы Ош-Баткен-Раззаков жолунунун реконструкциялоо иши жаз айларында башталат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу жана жол тармагындагы тиешелүү адистери менен жолугушуу учурунда Ноокат районундагы Ош-Баткен-Раззаков жолунун 28 -75 чакырымындагы жолдун курулуш долбоорун ишке ашыруу алкагында пландар, сунуштар, көйгөйлөр жана чечүү жолдору талкууланды.

Ноокат районундагы Ош-Баткен-Раззаков жолунун 28 -75 чакырымындагы жолдун I – этабын реконструкциялоо, куруу иштери жаз айларында ишке кирет. Негизинен куруу иштери этап-этабы менен жүрүшү маалымдалды, учурда долбоорлоо жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле Министр Тилек Текебаев стратегиялык мааниге ээ Ош-Баткен-Раззаков жолунун куруу иштери сапаттуу жана эл аралык талаптарга жооп бериши керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Турусбек Ногоев жана тиешелүү ишканалардын жетекчилери менен биргеликте узундугу 4,8 чакырым аралыкты түзгөн Космонавттар скверинен Бишкек-Ош автожолунун 660 чакырымындагы (Т-образдуу) кесилишине чейинки автожолунун салуу боюнча долборлоо жана куруу маселелери жеринен талкууланды.

Иш сапардын жүрүшүндө Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жол тармагындагы жооптуу адистер менен биргеликте Ош шаарынын түштүк айланма жолунун узундугу 29,628 чакырымындагы жолдун курулуш долбоору да талкууланды.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы