mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Нарын шаарынын М. Баетов (249м) жана Чоробаев (245м) көчөсүнө асфальт төшөө иштери бүткөрүлдү

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 200-208-чакырым аралыгы автогрейдер менен сүрүлүп, тегизделди. Аймакты тейлеген №27 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолдун 208-213-чакырым аралыгын кеңейтип, жолго чыккан сууларды буруп, тоо боорунан түшкөн та штарды терип, тазалашты.

Ош-Кара-Суу-Савай унаа жолунун 6-9-чакырымындагы жол жээгин тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Ат-Башы-Кында-Торугарт менен Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жол элементтери акталып, сырдалып, таштандылардан тазаланууда.

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунда актап, сырдоо, таштандыларды тазалоо иштери жүрүүдө.

Нарын шаарынын М. Баетов (249м) жана Чоробаев (245м) көчөсүнө асфальт төшөө иштери бүткөрүлдү.

Сары-Булак-Арчалы-Өрүк-Там унаа жолун тегиздөө жана көпүрөлөрдүн ичин тазалоо иштери жүрүүдө.

Бишкек-Ош унаа жолунун 315-427-чакырым аралыгындагы аң-чөнөктөрдү жамоо, жол элементтерин актап, сырдоо жумуштары аткарылууда.

Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолун (32-55-чакырым аралыгы) кырып, тегиздөө жумуштары жүрүп жатат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы