mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Нарын шаарынын ички көчөлөрү оңдолууда

Нарын шаарынын ички жолдору оңдолууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №8 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери калаанын Ак-Мөөр (420 м), М.Баетов (250м), Чоробаев (350м) жана Муканбет уулу Улан (350м) көчөлөрүндөгү эски асфальт катмарын сыйрып, жаңы асфальт төшөөгө даярдап жатышат. Ал эми Нарын шаарындагы Ж.Алаев атындагы көчөсүнө (264м) асфальт жаткыруу үчүн автогрейдер менен жолду тегиздөө иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, мамлекеттик маанидеги Он-Арча-Жаңы-Талап-Ашырма унаа жолунун 0-82-чакырым аралыгындагы шагыл катмар тилкесин калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун Нарынга жасаган иш сапарынын алкагында Нарын шаарында жалпы 18,5 чакырым узундуктагы ички көчөлөрдү оңдоо пландалганы маалым болгон. Өлкө жетекчиси ошондой эле IV категориядагы мамлекеттик маанидеги Нарын-Баетов унаа жолунун 36 чакырымына асфальт төшөө иштерин быйыл бүтүрүүнү тапшырган.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы