mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Нарын шаарынын 44 көчөсүнө асфальт төшөө иштери быйыл бүткөрүлөт! Министр Тилек Текебаев маселе менен жеринен таанышты!

Быйыл Нарын шаары боюнча жалпы 44 көчөгө асфальт төшөлүп, бардык иштер жол сезонунда бүткөрүлөт. Нарын облусуна иш сапары менен барган Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев аткарылып жаткан иштердин жүрүшүнө көз салып, жолдорду сапаттуу, белгиленген нормага ылайык курууну тапшырды.

Ал ошондой эле Президенттин тапшырмасын мөөнөтүндө аткаруу максатында калаанын ички жолдорун куруу иштерин тездетүүнү тапшырып, бул иштер жеке көзөмөлүнө турганын билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл жалпы Нарын облусу боюнча 106 чакырым жолду асфальттоо каралган.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы