mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

МИНТРАНСТА КОШ МАЙРАМ Ѳткѳрүлдү

 

aaa img_8200 img_8209 img_8212 img_8215 img_8222 img_8230 img_8232 img_8242 img_8245img_82412018-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинде “Кргыз тилинин Күнүнѳ” жана дүйнѳгѳ белгилүү улуу жазуучу Чыщгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш чара болуп ѳттү.

 

Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын жооптуу кызматкери Жакыбалиев Кутмырза, акын-жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сищирген ишмер, министрликтин эмгек ардагерлери, борбордук аппаратынын кызматкерлери, министрликке караштуу Башкармалыктардын, департаменттердин жетекчилери катышышты.

 

Бүгүнкү иш чаранын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев куттуктады. Ал ѳз сѳзүндѳ кыргыз тилинин маанилүүлүгүн жана аны мамлекеттик башкаруу органдарында колдонуунун зарылдыгын, ошондой эле Ч. Айтматовдун чыгармаларынын дүйнѳлүк маданияттагы ролун белгилеп ѳттү.

 

Сѳзгѳ чыгышкан Мамлекеттик тил комиссиясынын жооптуу кызматкери Жакыбалиев Кутмырза, акын-жазуучу Ильгиз Гилязетдинов жана жаш адистер кыргыз тилинин маданияттагы, иш кагаздарын жүргүзүүдѳгү, жаш муундарды тарбиялоодогу ѳзгѳчѳ ролу бар экендигин айтып ѳтүштү.

Андан сощ Борбордук аппараттын жана ага караштуу уюмдарды ѳкүлдѳрү Чыщгыз Айтматовдун чыгармаларынан кыскача кѳрүнүштѳрдү, ырларды, бийлерди аткарышты.

КР Транспорт жана жол министринин орун басары А.Жусубалиевдин сѳзү.

Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттагы

 КР Транспорт жана жол министринин куттуктоо сөзү

 

Саламатсыздарбы, урматтуу кесиптештер! Урматтуу КР Президентине караштуу тил комиссиясынын өкүлү! Урматтуу ушул мааракенин коноктору!

Бүгүн өзүңүздөр билгендей,  кош майрамдардын алдында турабыз. Быйылкы жылды Президентибиз  “Айтматов жылы” деп расмий жарыялаган, дүйнөлүк масштабдагы классик жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө алдында турабыз.  Ошондой эле, салтанаттуу мааракебиз  1989-жылы 23-сентябрь күнү кабыл алынган Мамлекеттик тил күнүнө арналган.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамдын кабыл алынгандыгына  үстүбүздөгү жылдын  23-сентябрында 29 жыл толот жана бул күн республикалык деңгээлде жыл сайын салтанаттуу белгиленип келе жатат.  Бул жылдардын аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө карата республикада көптөгөн иштер аткарылды.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили — кыргыз тили болуп саналат” деп жазылган жана Кыргыз Республикасында “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги да  мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, конституциялык беделин жогорулатуу, министрликтин кызматкерлерин мекенчилдикке тарбиялоодо өз салымын кошуп  келатат.

“Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын” ишке-ашырууга багытталган иш-чаралардын алкагында кызматкерлердин компетенттүүлүгүн арттыруу, иш кагаздарын алып барууда сөз байлыгын, терминологиялык базасын кеңейтүү заманбап талаптардын нугунда түздөлүп турушу зарыл.

Ошого ылайык, азыркы учурда кызматкерлердин мамлекеттик тилде жаза билүү деңгээли бир топ жогорулагандыгы байкалат. Себеби, Министрлик ичинде жүргүзүлгөн документтер, арыздар ж.б. каттар мамлекеттик тилде аткарылат, коллегиялык жыйындар, аппараттык жыйындар ж.б. чогулуштар мамлекеттик тилде өткөрүлөт.  Министрликтин сайты мамлекеттик тилде жүргүзүлүүдө.

19.09.2017-ж. № 12-3305 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорунда  “Административдик кызматтарда иштеген жарандык кызматкерлер жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүү деңгээлин орнотуу жана аларды мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракетине киргизүү  маселелери” каралган жана “Кыргызтест” системасын киргизүү пландаштырылган.  Бул иш-чара 2018-жылдын башынан ишке аша баштады.

Дүйнө космикалык ылдамдык менен өнүгүп жаткан учурда, биз ошол ылдамдыктан артта калбай, көп тилде сүйлөп, өз оюн эркин билдире алган замандаштардан болуубуз абзел.

Андыктан, кеминде беш тилде, керек болсо он тилде сүйлөй турган мезгил алыс эмес.  Өзүбүздүн эне тилибизге кошуп, орус, англис, кытай, япон ж.б. тилдерде сүйлөй билүү азыркы заман талабы.

Ошонун ичинде мамлекеттик тилибиз болгон – өз эне тилибизди сыйлай да, барктай да билели. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил гимнинде так ушинтип айтылган:

Тил жаралып Көкө-Теңир таңынан,

Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.

“Адам” деген түп сөзүнөн элимдин,

Кыргыз тили ай-ааламга жаңырган.

 

Мекен тили — Ата-Журттун кареги,

Биримдиги, күч-кубаты, тиреги,

Мекен тили – куттуу кыргыз элимдин,

Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.

 

Майрамыңыздар кут болсун, мамлекеттик тил – эне тилибиз өнүгүп-өсүп, Эгемендүү Мамлекетибиздин гүлдөп-өсүшү үчүн, КР Транспорт жана жол министрлигинин иши дагы да алгалашы үчүн кызмат кылалы!

Бар болуңуздар!