mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министрликтин материалдык-техникалык базасы жаңыланды. Ведомствонун борбордук аппаратына 60 компьютер берилди

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Бириктирүүчү жол БАРЭК 1 жана 3” долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 60 даана акыркы үлгүдөгү компьютер жана 4 планшет берилди. Техникаларды тапшыруу аземи ведомствонун жыйындар залында орун алды.

Анда сөз сүйлөгөн Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев кызматкерлерден талап кылуудан мурда, аларга тиешелүү шарт түзүү маанилүү экенин белгилеп, мындай мүмкүнчүлүктү түзүп жаткан АӨБгө ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле, бул берилип жаткан компьютерлер акыркы 10 жылда алынган ири техникалык жардам экенин белгилеп, ведомстволор ортосунда өз ара оперативдүү аракеттенүүдө, маалыматты иштеп чыгууда жакшы жыйынтыктарга ээ болуу менен министрликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жардамын берерине ишенимин билдирди. Өз кезегинде иш-чарага катышкан Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү техникаларды сатып алууну министр өзү демилгелегенин айтып, мындан ары дагы кызматташууну улантууга кызыкдар экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, компьютер, ноутбук жана башка техникалар Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорду ишке ашыруу тобунун кызматкерлерине дагы тапшырылды.


КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы