mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министрликте болуп өткөн конкурстун жыйынтыгында бош кызмат орундарга конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкер өттү

“Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 23-беренесине ылайык,Министрликте болуп өткөн конкурстун жыйынтыгында бош кызмат орундарга конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкер Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 01-мартындагы буйругуна ылайык төмөнкү кызмат орундарына дайындалышты:

— Дилдебекова Динара Дилдебековна, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Адам ресурстары бөлүмүнүн башкы адиси кызмат ордуна;

-Матмуратов Арзымат Топчубаевич, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Жарандык авиация жана суу транспорту бөлүмүнүн башкы адисикызмат ордуна;

—  Скатдаев Артем Олегович, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын жетектөөчү адиси-юристи кызмат ордуна;

— Доолетов Кенешбек Джумаканович, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын Автомобиль транспорту бөлүмүнүн жетектөөчү адиси кызмат ордуна”.

Пресс-релиз