mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министр Т. Текебаев иш сапары менен Ысык-Көлдө. Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолун куруу маселесин Ведомстволор аралык жумушчу топ иликтейт

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автомобиль жолун куруу маселесин иликтөө боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.

Ведомстволор аралык жумушчу топко бир жумалык мөөнөттө курулуш иштеринин жүрүшүн, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автомобиль жолун (Балыкчы-Барскоон участогу 0дон 141,7 кмге чейин) куруу маселесин комплекстүү изилдеп, ошондой эле жолдун курулушун андан ары ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы коюлду.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жумушчу топ менен бирге маселени жеринен көрүү үчүн Ысык-Көлгө иш сапары менен барды.

Белгилей кетсек, Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлгөн.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы