mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

МЭА» ААКнын жетекчилиги «Ядран» финансылык компаниясы менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу түшүндүрмө

Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги: «Манас» эл аралык аэропортун Татарстандын  (РФ)   инвесторуна тышкы башкарууга өткөрүп берүү жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбейт. Айрым мааалыматт каражаттарында жана социалдык баракчаларда таркап жаткан «Манас» эл аралык аэропортун Татарстандын  (РФ)   инвесторуна тышкы башкарууга өткөрүп берет деген маалымат жалган жана андай маселе жѳнүндѳ сѳз да жок болушу да мүмкүн эмес.

Учурда «МЭА» ААКнын жетекчилиги инфраструктуралык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу, аэропорттордун киреше бөлүгүн кеңейтүү, «МЭА» ААКнын түздөн-түз жана кыйыр кирешелерин камсыздоо үчүн жаңы ишмердүүлүктөрдү жогорулатуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Бүгүнкү күндө, кытай, түрк жана ички инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул иш чаралардын чегинде «ЯДРАН» БК ЖЧКсынын жетекчиси И.Салихов менен жолугушуу болуп өттү.

«МЭА» ААКнын Башкы директору Б. Шаршеев инвестицияга муктаж болгон компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берген.  Анын ичинен, «Манас» жана «Ош» аэропортторунун эскирген учуу-конуу тилкелерине реконструкция иштерин жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу маселени көтөргөн. Сүйлөшүүлөр таанышуу маалыматтык мүнөздө өткөн. «Манас» аэропортун тышкы башкарууга өткөрүп берүү маселеси «МЭА» ААКнын жетекчилиги тарабынан каралбайт.

Белгилей кетчү нерсе, «ЯДРАН» БК ЖЧКсынын өкүлдөрү Кыргызстанга өздөрү үчүн рынокту жана инвестициялык ишмердүүлүктү талдоо  үчүн келишкен. «МЭА» ААКнын инфраструктурасынан тышкары мобилдик байланыш жана энергетика тармагында кызматташуу жолдорун карап көрүшүүдө.