mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Өлкөдө жүргүнчү ташыган автобустар текшерилүүдө

Өлкөдө жүргүнчү ташыган автобустар текшерилип, үч жуманын ичинде эреже бузгандарга 237 миң сом айып салынды. Автобустук каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу жана тейлөө сапатын жогорулатуу максатында өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чара 3-апрелде башталган. 19-апрелге чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактык башкармалыктарында түзүлгөн мобилдик топтор 2877 унааны текшерүүгө алып, коюлган талаптарга жооп бербеген 225 транспорт каражатынын айдоочуларына тийиштүү протоколдорду толтурду. Жалпы салынган айып пулдун суммасы 237 миң сомду түздү.

3-майга чейин улана турган рейддик иш-чаранын алкагында автобекет жана автостанцияларда жүргүнчү ташыган автобустардын айдоочуларынын тийиштүү документтери менен уруксат кагаздары, керектүү жабдуулары, иштөө графиги текшерилүүдө.

Белгилей кетсек, бир айлык рейддик иш-чаранын алгачкы үч аптасында алынган жыйынтык былтыркы жылдын үч айына карата берилген көрсөткүчтөн алда канча жогору.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы