mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Өлкө аймагындагы салмак-габаритти көзөмөлдөө постторунан белгиленген нормаларды сактабаган айдоочуларга бир күн ичинде эле 546 миң 324 сом айып салынды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу чарба департаментинин өлкө аймагындагы постторунан белгиленген нормаларды сактабаган айдоочуларга бир күн ичинде эле 546 миң 324 сом айып салынды.

Таразанын негизги максаты элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун талкаланышына жол бербөө экенин эскерткен кызматкерлер, ашыкча жүк жүктөп, аны жашыруу максатында айдоочулар тарабынан жасалма тыгын жаралганын белгилейт.

Тагырагы, Жаңы-Арык салмак-габаритти көзөмөлдөө постунан өтүү үчүн кезекте турган унаалар арасында жасалма тыгын пайда болгон.

Тартипти бузган, мыйзамга баш ийбеген айдоочуларга карата атайын кызмат, милиция менен биргеликте тартипти сактоо менен мыйзам чегинде чаралар көрүлдү.

Мыйзамга баш ийбей, салмак-габариттик нормаларды сактабаган айдоочулар жолдорду талкалоо менен өлкө казынасына миллиардаган зыян алып келип жатканын эскертебиз.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы