mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргызстан темир жол үчүн жаңы жүк вагондорунун биринчи партиясын алды.

Кыргызстанга темир жол үчүн алгачкы 20 жаңы жүк вагондору келди. Бул тууралуу Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөө жана күзөтүү башкармалыгынын башкы инспектору Улан Бообеков билдирди.

«2015-жылдан бери Орусия бизге кызмат мөөнөтүн бүтүргөн, бирок аны узартуу үчүн оңдоп-түзөөдөн өткөн жүк вагондорун киргизүүгө тыюу салган. Биз кызмат мөөнөтүн узарткыбыз келген, бирок баары бир тыюу салынгандыктан, азыр жаңы жүк ташуучу вагондорду сатып алып жатабыз», — деп эскерет ал.

Улан Бообековдун айтымында, 100 жарым-вагон сатып алуу тендер аркылуу жүргүзүлүп, республикага алгачкы 20 вагон келген.

КР ТжКМ басма сөз кызматы