mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу иштери жүрүп жатат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга болгон иш сапарында Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселеси айтылды.

Буга чейин, 2020-жылдын май айында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги видео конференция учурунда, венгриялык тарап венгриялык «WizzAir» авиакомпаниясы менен түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даяр экендигин билдирген.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан Будапешт-Бишкек каттамы боюнча түз каттамдарды ачуу боюнча жигердүү иш алып барышууда, айта кетсек Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Венгрия Өкмөтүнүн авиация бийликтеринин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон министрликтери жана ведомстволоруна макулдашууга жиберилди.  Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамынын ачылышы эки тараптуу кызматташууну бардык тармактарда өнүктүрүүгө түрткү болот.