mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин жамааты жана ошондой эле министрликтин аткарып жаткан иш- аракеттери менен таанышты

2017-жылдын 13- сентярында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин жамааты жана ошондой эле министрликтин аткарып жаткан иши менен таанышып кетти. Жыйынга министрликтин бѳлүм жетекчилери, министрлик алдындагы мекеме ишканалардын жетекчилери, байкоо кеңеши, ветерандар жана Министр Калилов Жамшитбек Калиловичтин катышуусунда болуп ѳттү. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин аткарып жаткан иштери тууралуу Министр Ж.Калилов  Жол тармагынын 2016-2025 жылдарга өнүгүүсүнүн негизги багыттары, темир жол транспортунун 2014-2020 жылдарга өнүгүүсү, жарандык авиациясынын 2016-2020 жылдарга өнүгүү программасы, автомобиль транспортунун 2017-2021 жылдарга өнүгүүсүнүн негизги багыттары жана  «Ыссык-Көл кемечилиги» МИ 2015-2020 жылдарга өнүгүү программасы тууралу айтып ѳттү.  Акыркы жылдары мамлекет тарабынан жол тармагына жакшы кѳңүл бѳлүнүп,  бюджеттин эсебинен биринчи ирет ѳз күчүбүз менен жолдорду курдук.  Жаны технологиялар менен иштѳѳнү жүргүзѳ баштадык. Бишкек шаарынын Гагарин кѳчѳсүнүн бир тилкемине  полимер  шагыл- мастикалык негиздеги  (полимер щебеночно-мастичный) асфальт бетон басылды. Бул асфальт бетон кыш мезгилинде машинелердин тайгаланбаганына туруштук берет жана колдонуу мезгили кѳпкѳ узартат.

Азыркы учурда реабилитацияланып жаткан Эл аралык транспорттук коридорлор: «Бишкек-Нарын-Торугарт» «Бишкек-Ош» , «Ош-Баткен-Исфана» , «Тараз-Талас-Суусамыр » автожолун «Түндүк-Түштүк» автожолун реконструкциялоо Борбордук Азиядагы  жол каттамдарын жакшыртуунун негизинде  фаза 3 долбоору Түп-Кеген «Балыкчы-Ананьево-Каракол» автожолун реконструкциялоору жүрүп жатканынын билдирди.  Жол тармагындагы ѳсүшү тууралу схеманы кѳргѳзүп,  негизинде ѳткѳн жылдарга салыштырмалуу кыйла ѳскѳндүгү тууралуу айтты. Ѳсүү кѳрсѳткүчүн айта кетсек 2014 жылы 136,4 чакырым асфальт тѳшѳлсѳ  2017 –жылга 360,64 км-ди план койдук учурда 8 айдын жыйынтыгы менен  244,8 чакырымда иш аткарылды.

Транспорт тармагында айта кетсем. КР ТжЖМ алдындагы Автомобиль, суу транспортунун жана салмак өлчөм көзөмөлдөө агенттигиде да ѳзгѳрүүлѳр болду.  Салмак кѳзѳмѳл пунктарында буга чейин жумушчулар таразаны кѳзѳмѳлдѳп, ашык салмакка кошулган кчалардын кѳбү жумушчулардын чѳнтѳгүнѳ түшүп жаткан болсо азыркы учурда баардыгын электрондоштүруп камералар аркылуу кѳзѳмѳл жүргүзүп атабыз деп билидирди.  Темир жол тармагында 2013-2015-жылдары Улуттук компания «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын өзүнүн каражатына алыскы жана жакынкы мамлекеттерде өзүн ийгиликтүү далилдеген жылпы суммасы 28200,2 миң АКШ долларын түзгөн 6 жаңы тепловоз сатылып алынып, ишке берилди. Тепловоздор Казакстан Республикасынан сатылып алынды.

Сизге белгилүү болгондой 2016-жылда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча үч мамлекеттин эксперттик тобунун жумушу кайрадан башталган. Жыйынтыгында 2016-жылы эксперттик топтун отуруму эки жолу болуп өттү. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу темир жолду куруу боюнча негизги чечилбеген маселе болуп колеянын жызылыгынын стандарты, кайра жүктөө станциянын жайгашуу орду жана финансылык модельди аныктоо маселелери болууда . 2017-жылдын 5-25- июлунда. Кыргызстандын аймагы боюнча темир жолдун өтүү варианттары боюнча талаа иштери жүргүзүлдү. Азыркы учурда кытай тапраптан талаа изилдөөлөрдүндө алынган материалдар каралууда.

Мындан тышкары, аталган темир жол куруу долбоору 2017-жылдын 16-августунда кыргыз-өзбек өмөтаралык комиссиясынын отурумунда эки тарапттык кызматташуу боюнча маселесинде каралган, ал жерде өзбек тарап үч тараптык эксперттик топтун  кезектеги отурумун Өзбекстан Республикасынада Ташкент шаарыдна өткөрүүгө даяр экендигин билдирген, жана аны кийинчерэк Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги тастыктады.

Ал эми жарандык авиация тармагы жѳнүндѳ айтып кетсек. Евробиримдиктин кара тизмеден чыгуу тууралуу тѳмѳндѳгү иштер аткарылып жатат.  2016-ж. февралындагы ИКАОнун аудитинин жыйынтыгы боюнча аракеттерди корректировкалоо Планын даярдоо жана аткаруу болгон . Пландын бүгүнкү күнгө аткарылуусу – 90 % аткарылды.  Аткаруу мѳонѳтү   2018-жылга чейин деп билдириди Министр. Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович Жарандык авиациянын директору К.Акышевге качан кара тизмеден чыгабыз деген суроо узатты. К.Акышев 2018 –жылы чыгаарын билдирди. Ошо менен бирге учурда кант кызылчасын ташуу иштерине темир жолдун жардамы керектигин билдирди Д. Зилалиев. Жыйындын аягында министрликтин ишине чон ыраазычыл каалап, биримдикте иш алып барууну каалап кетти.

Пресс кызмат