mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын ТжКМ алдындагы ЖжСТД Ысык-Көл аймактык башкармалыгы административдик кызматтардын кенже тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жер жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы административдик кызматтардын кенже тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптары.

Транспорт багыты боюнча мамлекеттик административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
Жогорку кесиптик билим:
-«техникалык илимдер» багыты боюнча «жер үстүндөгү транспорт системалары» адистиги боюнча автомобилдер жана автомобиль чарбасы боюнча, «транспорт каражаттарын эксплуатациялоо» багыты боюнча ташууларды уюштуруу жана транспортто башкаруу, жол кыймылын уюштуруу, кыймылдын коопсуздугу, автомобиль транспортун эксплуатациялоо адистиги боюнча, «транспорттук техника жана технология» багыты боюнча транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо, транспорттук процесстердин технологиясы, суу жана темир жол транспорту жана машина куруу.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
3. Кесиптик компетенциялар:
-Кыргыз Рспубликасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдары;
-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлмдѳ мамлекеттик жан/же расмий тилдери.
3.1. Билими:
-Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту жөнүндө»Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын «Темир жол транспорту жөнүндө»Мыйзамы;
-«Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жыл 17-сентябрындагы № 430 токтому;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жер жана суу транспорту департаменти жөнүндө» 14-жылдын 2022-апрелиндеги № 223токтому.
3.2. Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө.

3.3. Көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтер (чогултулуп тиркелет):
— Форма боюнча жеке арыз;
— Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен);
-Резюме (телефон номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
-Автобиография (соттолбогону бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
-Негизги жана кошумча билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн);
— Нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);
— окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Талапкерлердин документтери 2023-жылдын 04-майынан 14-майына чейин Балыкчы шаарындагы Абдрахманов көчѳсүнүн № 15 дареги боюнча кабыл алынат.
Маалымат үчүн Телефон (03944) 70912.