mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспот жана жолдор министрлигинде коррупцияга каршы күрөшүү тууралу министрликтин байкоо кеңешинин отуруму болуп өттү

2017-жылдын 8июнь айында Кыргыз Республикасынын Транспот жана жолдор  министрлигинде  коррупцияга каршы  күрөшүү тууралу министрликтин байкоо кеңешинин отуруму болуп өттү. Отурумда Кыргыз Республикасынын Статс-катчысынын убактылуу милдетин аткарычу Эрмек Мамыркалиев, министрликтин алдындагы мекеме- ишканалардын жетекчилери жана байкоо кеңешинин мүчөлөрү катышты.  Министрликтин коррупцияны алдын ала боюнча кандай иштерди алып барганы тууралы Абдукахар Ибрагимов айтып берди. Коррупцияны алдына алуу боюнча министрликтен пландар иштелип чыгып ошонун негизинде бир катар маарекелер өттү. Пландын негизинде аткарылган жыйынтыктар ар квартал сайын Өкмөттун Аппаратына жана Башкы Прокуратурага жиберилип турат. Андан тышкары Министрликтин mtd.gov.kg официалдык сайтына коюлат.

Коррупцияны алдын –ала иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан декларацияны министрликтин борбордук аппараты, Автомобил жана суу транспорту мамлекеттик агенттиги жана Жарандык авиация агенттигинин кызматкерлери өз убагынан кечиктирбей жазып беришти. Азыркы учурда Транспорт жана жолдор министлигинин алдындагы Автомобил жана суу транспорту мамлекеттик агенттиги менен Тараза көзөмөлдөө департаменти кошулуп бир мамлекеттик иш кананы түзүштү. Учурда  Автомобиль, суу тарснпорту жана тараза көзөмөл агенттиги болуп аталууда. Жакынкы арада тараза көзөмөл пункттарында  коррупцияга шектелип,  16 жумушчу ишинен бошотулуп, 4 кызматкерине сөгүш жарыяланды деп билдирди  – министрликтин коррупцияны алдына алуу боюнча ыйгарым уккуктуу кызматкери А. Ибрагимов . Ал эми байкоо кеңешинин өкүлдөрү коррупцияга каршы күрөшүүдө министр өзү көңүл буруп, пландар түзүлүп, иш алып баргандыга  булл эң жакшы көрунүш. Учурда байкоо кеңеши тарабынан экономикалык көрсоткүч боюнча маалыматтар, көрсөткүчтор даярдалып жатат ошого маалымат берүүдө көмөк көрсөтүунү суранат элек деп билдиришти.  Ушуну менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин байкоо кеңешинин отурумдары жыйынтыкталды.

Пресс — кызмат