mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин 2017-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү

2017 – жылдын 4-май айында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин 2017-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү. Коллегияны министр Ж. Калилов, коллегиянын комиссия курамы, жана ошондой эле Өкмөттүн Аппаратынын Транспорт, жана коммуникациялар бөлүмүнүн  бөлүм башчысы Б. Бердалиев болду. Коллегияда министрликтин биринчи кварталда аткарган жумуштары каралып, статс- катчы у.м.а Э Мамыркалиев, орун басарлар А. Жусубалиев, Г. Абдыралиева  жана министрликтин бөлүм башчыларынын докладды окулду.

Азыркы учурда министрликтин алдында көптөгөн суроолор болгондугуна байланыштуу учурдагы коллегия өз убактысынан кеч бүтөөрүн баса белгиледи министр Ж.Калилов.  Жыл башынан тартып кандай жумуштар аткарылып жатканын, кандай көйгөйлөр бар, кандай тапшырмалар коюлгандыгы тууралуу да талкуу болоорун айтты. Мындан тышкары коллегия учурунда Жол чарба департаментинин директору А. Ибраевдин докладында толук маалымат айтылбаганы, коррупцияга каршы кандай жумуштар жасалганы айтылган жок деген айыптоону министр Ж. Калилов айтты.  Ошондой эле кара тизмеден чыгуу маселеси айтылды.

Маалымат ирээтинде:

 

КыргызРеспубликасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын   I кварталында аткарган иштеринин натыйжасы

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги 2017-жылдын  I кварталында транспорттун жана жол тармагынын бардык түрлөрүнүн туруктуу иштөөсүн камсыздады.

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги  өз ишмердигин  2013-2017-жылдарга Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясына,  “Ишеним жана биримдик” Программасы боюнча 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш планына, 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү койгон жана башка приоритеттерге жана милдеттерге  ылайык жүргүздү.

 

  1. Стратегиялык документтерди, Өкмөттүн Программасын жана тармактык программаларды аткаруу

 

1.1 2013-2017-жылдарга Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясынын аткаруунун натыйжалары.

 

2013-2017-жылдарга Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясындаКыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги боюнча бардыгы 14 улуттук долбоорлор каралган.

Бүгүнкү күндө толук көлөмдө 3 долбоор жана жарым-жартылай 1 долбооришке ашырылды, аяктоо стадиясында 2 долбоор турат, ишке ашыруу процессинде 6 долбоор бар.

 

Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында автожол техникалары жана жабдуулар сатып алынды: автогрейдерлер – 43 бирдик, автожүктөгүчтөр – 20 бирдик, асфальтбетон заводдору – 3 бирдик (2013-ж.).

 

Аба кыймылын уюштуруу улуттук системасын модернизациялоо боюнча долбоор ишке ашырылды (2015-жыл), «Кытай-Кыргызстан-Өзбекистан»  темир жол магистралын куруу боюнча Техника-экономикалык негиз  иштелип чыкты (2014-жылы), «Манас», «Ош», «Ысык-Көл» аэропорттору үчүн навигациялык жабдуулар жана техникалык каражаттар сатып алынды жана модернизацияланды (2016-жылы).

 

Тараз-Талас-Суусамыравтожолу(75 тен 105км ге чейин), Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу (Фаза III) калыбына келтирүү  стадиясында турат.

Төмөнкү долбоорлор ишке ашыруу процессинде турат:

 

— Исфана-Сүлүктү-Ходжент автожолун калыбына келтирүү (Тажикистан Республикасынын чек арасына чейин);

 

— Бишкек-Ош автожолун калыбына келтирүү, (Фаза IV). Жарандык жумуштарга контрактка2017-жылдын 28 мартында кол коюлган.

 

— Түндүк-Түштүк альтернативалуу автомобиль жолун куруу(2013-2017-жж.)

 

— «Баткен», «Исфана», «Жалал-Абад»  аэропортторун калыбына келтирүү. Азыркы учурда аэропортторду толук калыбына келтирүү үчүн жетишээрлик каражаттар жок, бирок ошону менен бирге эле аэропортторду калыбына келтирүү жана оңдоп-түзөө боюнча бир катар иштер жүргүзүлүп жатат.

 

— “Манас” эл аралык аэропортунун базасында жүк-жүргүнчү, абада жүк ташуу түйүндүү борборун түзүү долбоорун ишке ашыруу.

 

2013-2017-жылдарга Туруктуу Өнүгүүнүн Улуттук Стратегиясынын айрым долбоорлорун ишке ашыруу обьективдүү себептер менен көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө аткарылбай калды, бул жөнүндө Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин секретариатына, КР Өкмөтүнүн Аппаратына жана КР Экономика министрлигине аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө сунуш киргизилген.

 

1.2 “Ишеним жана биримдик” Программасын ишке  ашыруу боюнча 2017-жылга транспорт жана жол чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракет Планын ишке ашыруу.

 

КР Транспорт жана жол министрлигинин алдында 2017-жылга  32 милдет жана 34 иш-чара коюлган. Анын ичинен жол тармагы боюнча – 19 иш-чара; транспорт тармагы боюнча– 4 иш-чара;  жарандык авиация боюнча–3 иш-чара; ЕАЭБтин алкагында транспорттук саясатты координациялоо боюнча – 5 иш-чара; КР Өкмөтүнүн жалпы маселелери боюнча – 3 иш-чара каралган.

 

1 иш-чара аткарылды жана “ЕАЭБдин алкагында координацияланган транспорттук саясаттын негизги багыттарын, бирдиктүү транспорттук мейкиндикти жана жалпы рынокту андан ары калыптандыруу жана өнүктүрүүнүн шарттарын жана этаптарын аныктоого” кол коюлду.

Иш-чаралардын калган пункттарын аткаруу мөөнөттөрү 2017-жылдын II-IV кварталдарында башталат, анын ичинде:

— II-квартал– 1 иш-чара  ( КРнын автовокзалдарын жана автостанцияларын бирдиктүү Мамлекеттик ишканага бириктирүү);

— III-квартал — 4  иш-чара;

— IV-кварталда — 23  иш-чара бар.

Мындан бөлөк, 4 иш-чараны туруктуу мүнөздө жыл ичинде  аткаруу каралган.

 

 

1.3. КР Транспорт жана жол министринин 2017-жылга иш-аракет Планын ишке ашыруу.

 

2017-жылга  24 милдет жана 43 иш-чара коюлган. Анын ичинен жол тармагы боюнча – 21 иш-чара; транспорт тармагы боюнча – 2 иш-чара; жарандык авиация боюнча – 12 иш-чара жана суу транспорту боюнча – 1 иш-чара;  ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана министрликтин структурасын оптималдаштыруу боюнча – 6 иш-чара, эл аралык ишмердик боюнча – 2 иш чара каралган.

 

1- кварталда 2 иш-чара жарым-жартылай аткарылды:

 

— “Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана кайра куруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыкты жана КРнын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизилди;

 

— “Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана кайра куруу боюнча иштердин сапатын контролдоо системасын камсыздоо жөнүндө  Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын ТжЖМнин буйругунун долбоору даярдалды, КР министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылды жана КР Юстиция министрлигине экспертизага жиберилди.

 

Экинчи кварталда —5  иш-чара каралган, калган 38 иш-чаранын аткаруу мөөнөтү 2017-жылдын 4-кварталында аткарылат.

 

1.4  Тармактык программаларды жана стратегиялык документтерди ишке ашыруу

 

Бүгүнкү күндө КР Транспорт жана жол министрлиги төмөнкү программаларды жана стратегиялык документтерди ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө:

  1. 09.2014 –жылдагы №558 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жолун өнүктүрүүнүн негизги багыттары;
  2. 17 март, 2016–жылдагы № 131Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасы;
  3. 1 июль, 2016 –жылдагы N 372 КР Өкмөтүнүн токтому бекиткен 2016-2025-жылдарда жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттары;
  4. 13 май, 2015-жылдагы № 140 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругу менен бекитилген 2015-2020-жылдар мезгилинде “Ысык-Көл пароходчулугу” Мамлекеттик ишканасын өнүктүрүү программасы.

“2017-2021-жылдарга автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттары” долбоору толуктап иштеп чыгуу стадиясында турат.

 

2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча бардыгы болуп 34 иш-чара каралган, анын ичинен 2014-жылдан 2017-жылга чейин  16 иш-чараны мөөнөтүндө аяктоо, анын ичинде 2017-жылга – 9 иш-чара каралган. Азыркы күндө 8 иш-чараны аткаруу аяктады, 4 иш-чара туруктуу негизде. Жетишкендиктердин деңгээли жана баалоо 100% түзөт. 2017-жылга каралган иш-чараларды аяктоо мөөнөтү 2-4 кварталда бүтөт.

 

 

 Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясын  2016-2020-жылдарда өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасындабардыгы болуп —61 иш-чара каралган, анын ичинде 2017-жылга чейин бардыгы болуп — 20 иш-чара, аны ичинен аткарылганы— 16, жетишкендиктердин деңгээли жана баалоо 80% түзөт.

 

4 пунктун аткарылбаганынын себеби, жарандык авиация тармагы жетишерлик каржыланбагандыгына байланыштуу болду.

 

2017-жылга 13 иш-чара каралган, анын ичинен 2 туруктуу негизде. 2017-жылга каралган иш-чараларды аткаруу мөөнөтү 2-4-кварталдарга туура келет.

 

2016-2025-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча бардыгы болуп 29 иш-чара каралган,  анын ичинен 1 иш-чара аткарылды,2017-жылга 15 иш-чара каралган, анын ичинен 5 туруктуу негизде. 2017-жылга каралган иш-чараларды аткаруу мөөнөтү 2-4-кварталдарга туура келет.

 

2015-2020-жылдар мезгилинде “Ысык-Көл  кемечилиги” МИсын өнүктүрүү Программасы боюнча 14 иш-чара каралган, анын ичинен 2017-жылга6 иш-чара каралган. Бардыгы 2 иш-чара аткарылганын белгилей кетүү зарыл. Негизинен, көрсөтүлгөн Программа иштебейт жана бүгүнкү күндө аны аткаруу кыйынга турат.

 

Ушуга байланыштуу, “Ысык-Көл кемечилиги” Мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүүнүн реалдуу мүмкүнчүлүгүнөн улам,бул Программаны кайра кароону зарыл деп эсептейбиз.

 

  1. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча КР ТжЖМнин Коллегиясынын жыйынтыгы боюнча коюлган милдеттерди аткаруу

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2016-жыл үчүн ишмердигинин жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн Коллегиянын жыйынтыгы боюнча  структуралык бөлүнүштөрдүн жана ведомстволук ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери чечимдерди кабыл алышы үчүн  48 маселе жана тапшырмалар коюлса, анын ичинен 2017-жылдын 1-кварталында аткаруу мөөнөтү менен 12 тапшырма, 2 кварталга – 11, 3-кварталга – 5, 4-кварталга – 8 жана туруктуу негизде 12 тапшырма коюлган.

 

1-кварталда КРнын ТжЖМнин Коллегиясынын 12 тапшырмасынын ичинен  7 тапшырма аткарылып, 5 тапшырма аткарылган жок, (жетишүү деңгээли – 71,4%), анын ичинде:

  1. Автомобиль транспорту боюнча:

— автовокзалдарда  жана автостанцияларда коррупцияны жоюу боюнча Деталдаштырылган план бекитилген жок (мөөнөтү марттын аягына чейин);

— автовокзалдарды өнүктүрүү Планы иштелип чыккан жок (мөөнөтү 1 март);

 

  1. Жол тармагы боюнча:

— КР ТжЖМине караштуу ЖЧДде илимий-изилдөө жана инновациялык бөлүм түзүлгөн жок (мөөнөтү 1 мартка чейин);

— жол иштерин толук камсыздоо үчүн кеңеш берүү кызматын сатып алуу жүргүзүлгөн жок (мөөнөтү 1-мартка чейин);

— жол-куруу сезонуна толук даярдыкты камсыздоо үчүн битум сатып алуу (мөөнөтү 15- март);

 

  1. 2017-жылга бекитилген бюджет жана 1-кварталда аткаруу

 

“2017-жылга республикалык бюджет жана 2018-2019-жылдарга карата болжолдоо жөнүндө” Мыйзамга ылайык 2017-жылга бардыгы – 18 769 838,6  миң сом каралган.

 

 

КР Транспорт жана жол министрлигинин бюджет структурасында эң чоң салыштырмалуу салмакты жол инфраструктурасын жакшыртууга каралган инвестициялык долбоорлор (87,20%) түзөт, ал эми КР ТжЖМне караштуу ЖЧДнин бюджети –10,7%.

Ошону менен, КР ТжЖМнин бюджетинин жалпы көлдөмүнөн жол тармагынын бюджети 97,9% түзөт.

Белгилей кетүү керек, мындан башка “Капиталдык салым” беренесинин эсебинен жол тармагына 2017-жылы дагы 900,0 млн. сом каралган, 1 кварталга каржылоо  – 242,0 млн. сомду түздү.

1-кварталга бюджетти аткаруунун деңгээли  93,2%.

 

  1. Жалпы суроолор

 

Ченем чыгаруу ишмердигинде 43 ченемдик укуктук акт (НПА)  иштелип чыккан, анын ичинде КРнын 5 мыйзамы, КР Өкмөтүнүн 21 токтому, КР Өкмөтүнүн 13 буйругу бар.

 

Анын ичинен КР Өкмөтүнүн 3 токтому жана КР Өкмөтүнүн 2 буйругу кабыл алынды.

 

Жол тармагы боюнча (ИӨБ)кабыл алынган ченемдик укуктук акт– 1,  автомобиль жана темир жол транспорту тармагы боюнча – 3 жана Экономика жана финансы башкармалыгы боюнча — 1.

 

Документ жүгүртүү.

Министрликте 2017-жылдын 1 кварталында кириш документтердин көлөмү 3854 түздү, бул 2016-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 67 документке аз, чыгыш докуметтер 2467,  бул 73  документке аз, анын ичинде 131ченемдик укуктук акт, анын ичинен 120сы контролго алынган.

 

Ошону менен бирге, контролго алынган документтердин саны, ошондой эле1  күндүк, 2 жана 3 күндүк мөөнөт менен аткарууга жаткан жогору турган органдардын “өтө шашылыш” “шашылыш” көрөстмөлөрү бар документтер 1189, контролго алынганы —1095 тапшырма,  бул 2016-жылга салыштырмалуу 198 документке аз.

 

2017-жылдын 1 кварталында министрликке жарандардан  103 кат,  кайрылуу жана арыздар түшкөн, бардыгы контролго алынып, анан ичинен караштыруу мөөнөтүн бузуу менен аткарылганы – 3.

 

2017-жылдын  1кварталында КРнын ТжЖМнин номенкулатурасы боюнча 14 адам ишке алынган, ээлеген кызматынан 12 адам бошотулган (бардыгы өз каалоолору боюнча), анын ичинде борбордук аппаратка 7 кызматкер дайындалган, 3 кызматкер бошотулган. Ведомстволук уюмдарда жумушка 7 адам кабыл алынып, бошотулганы – 9 адам. Өз убагында аткарбагандыгы жана функционалдык милдеттерин тийиштүү аткарбагандыгы үчүн  министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук уюмдарынын кызматкерлерине  11 тартип жазасы берилген, анын ичинде 7 сөгүш жана 4 эскертүү бар.

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан жол тармагында мүмкүн болуучу коррупцияны жоюу боюнча Деталдаштырылган план ишке ашырылууда, ал 2015-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңеши тарабынан бекитилген, ошондой эле 16.12.2016-жылыКыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин Секретариаты жарандык авиация системасында коррупцияны жоюу боюнча Деталдаштырылган планын бекитилген.

 

Андан бөлөк, 7 декабрь, 2016 –жылдагы  № 388  министрликтин буйругу  менен  30.03.2015 –ж. № 170 «2015-2017-жылдарда Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чара Планын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому боюнча иш-чара пландары, 2017-жылга тармакта коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чаралардын ведомстволук  пландары бекитилген.

 

Жол тармагында мүмкүн болуучу коррупцияны жоюу боюнча Деталдаштырылган планы боюнча 10 коррупциялык зоналар боюнча 58 пункт жана 121 подпункт түзүлгөн, анын ичинен азыркы учурда 20 пункт аткарылды, же бул 35,7% түзөт, ошондой эле 36 подпункт ишке ашырылды же 29,7%.

 

Жарандык авиация системасында коррупцияны жоюу боюнча Деталдаштырылган планыбоюнча 8 коррупциялык зона жана 36 коррупциялык тобокелчилик аныкталып, алар боюнча иш-чаралардын 93 пунктту түзүлгөн.  Анын ичинен авиациялык колледж өзүнө карата иш-чаралардын 11 пунктун толук ишке ашырды, “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК 29 пунктан 6 пункту аткарды же 20,7%.  Бул эки уюмду эсепке алуу менен жарандык авиация боюнча 17 пункт аткарылды же 18,3%.

 

22.12.2016-жылдагы  № 68Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин Жумушчу тобунун кеңешмесинин протоколуна ылайык министрликтин 30.12.2016 –жылдагы № 430  буйругу менен  министрликтин эксперттик тобу түзүлгөн жана министрликтин 17.03.2017-жылдагы № 106 буйругу менен  «Бишкек автовокзалы» МИ жана «Чыгыш автовокзалы» МИ  мүмкүн болуучу системалуу коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын Деталдаштырылган планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик топ түзүлгөн.

Ошондой эле, «Кыргыз темир жолу»УК” МИсынын генералдык директорунун23 март, 2017 –жылдагы № 144  буйругу менен  кыргыз темир жолунда коррупциялык тобокелчиликтерди аныктоо жана тактоо боюнча жана аларды жоюу боюнча иш-чара пландарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Жогоруда көрсөтүлгөн Топтор Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Жумушчу тобунун эксперттери менен биргеликте коррупциялык тобокелчилик боюнча иштерди жана алардын негизинде  коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү пландарды иштеп чыгууну жүргүзүп жатат.

 

Ошону менен бирге коррупциянын алдын алуу боюнча иштерде олуттуу кемчиликтер бар. Жогоруда көрсөтүлгөн талдоодо көрүнүп тургандай, жол тармагында мүмкүн болуучу коррупцияны жоюу боюнча Деталдаштырылган планды ишке ашыруу жай темп менен өтүүдө, аларды аткаруу мөөнөтү 2016-жылы өтүп кеткен.

 

Жарандык авиация системасында коррупцияны жоюу боюнча Деталдаштырылган планды  ишке ашыруу негизинен, “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК жана авиаколледждин эсебинен жүрүп жатат, Жарандык авиация агенттигине тиешелүү пункттар ишке ашырыла элек, алардын мөөнөтү 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында бүтөт.

 

Бул кемчиликтер  министрликтердин, ведомстволук ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери  пландардын ишке ашуусун туруктуу контролдоодон өздөрү эле оолактап, алар тарабынан пландарды аткаруучулар пункт боюнча дайындалган эмес жана аныкталган эмес,  иш-чаралардын жогоруда аталган пландарын аткарбоо же өз убагында аткарбоо фактыларына жол берген тийиштүү аткаруучуларга тартип жоопкерчилиги каралбайт.

 

Аудит жүргүзүү Планына ылайык ведомстволук жана структуралык бөлүмдөрдө 2017-жылдын 1 кварталына 15 субьектке аудит жүргүзүү каралса, иш жүзүндө 9 субьектке жүргүзүлгөн ( автовокзалдар жана автостанциялар,  «Кыргызтемир жолу»УК» МИ жана  «Эйр-Кыргызстан ААК – тематикалык  аудит) (планга жетишүү деңгээли 60%.).

 

Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча финансылык бузуулар жана кемчиликтер 3 040,9  миң сомду түздү. Аудиттин натыйжасы Министрдин жана министрдин орун басарларынын катышуусу менен кеңешмеде каралды жана АВжАСдын жетекчилерине карата чаралар колдонулду (ээлеген кызматынан 1 жетекчи бошотулду, 3 жетекчиге сөгүш берилди, эскертүү 2 жетекчиге берилди).

 

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитинин натыйжасы боюнча КРнын Транспорт жана жол министрлигинде жана анын ведомстволук структураларында 2015-жылга бюджеттик, атайын жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча 188,4 млн сомго финансылык бузуулар табылган, анын ичинде курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн жогорулатуу — 145,4 млн сом, айлык акы – 2,8 млн сом, материалдык баалуулуктарды  жана акча каражаттарын негизсиз  коротуу — 0,4 млн сом, казначей системасын колдонбой, атайын каражаттардан пайдалануу – 0,2 млн сом.

 

Тартип бузуулар обьекттер боюнча курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн жогорулатуу түрүндө болгон: Бишкек- “Манас” Эл аралык аэропорту автожолдорун капиталдык оңдоп-түзөө – 132 млн. сомго жана Балыкчы—Тамчы—Корумду  жолун 9,8 млн сомго, ошондой эле, Ош—Баткен—Исфана автожолунун башкармалыгында — 1,1 млн сомго, Ош—Сарыташ—Иркештам автожолунун башкармалыгында — 1 млн сомго жана башка обьекттерде жогорулатылган.

 

Финансылык бузуулардын жалпы суммасынан  185,6 млн. сом ордуна коюлат  жана аудиттин жүрүшүндө тартип бузуулар жоюлуп жана  жумуштардын көлөмүнөн алып салуу  жолу менен 184,4 млн сом ордуна келтирилди  ал эми  1,2 млн. сом  2016-жылдын аудити аяктагандан кийин ордуна коюлду.

 

Коллегиянын токтому: Жол тармагын реформалоо боюнча жүргүзгөн иштердин алкагында, жол уюмдарынын ишмердигин оптималдаштыруу максатында, ошондой эле кайталоо функцияларын жоюу үчүн, биринчи этап менен автомобиль жолдорунун №1, №3, №4, №5, №6 өндүрүш-линиялык башкармалыктары жоюлду. Анын ордуна юридикалык жак катары көрсөтүлбөгөн регионалдык бөлүмдөр түзүлдү.         Бардык Жол-пайдалануу ишканалары (ЖПИ) Жол-пайдалануу мекемелери (ЖПМ) болуп түзүлдү.

Оперативдүү билдирүүлөр боюнча, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин ведомстволук ишканалары иштердин көлөмүн 459,9 млн. сомго аткарды. Анын ичинен күнүмдүк бюджет боюнча аткаруу 217,9 млн.сомду түздү, мамкапсалым обьекттери боюнча – 242,0 млн.сом.

“Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду” автожолун кайра куруу боюнча Тамчы-Чолпон-Атаучасткасынын 43,5-78 км  жана  81,2-85,0 км.  жер  кыртышын тазалоо жана жасалма курулуштарды орнотуу боюнча курулуш иштери жүрүп жатат.

2017-жылдын 1-кварталында  АӨБ тарабынан каржыланган ЦАРЭС  3  Транспорттук Коридорун өркүндөтүү боюнча Долбоордун алкагында(Бишкек-Ош автожолу, Фаза 4) Бишкек-Кара-Балта участкасы),  шарт менен иштөөчүнү тандоонун тендердик процедурасы аяктады жана 28 март, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жана Сhina Railway №5  компаниясынын ортосунда жарандык жумуштарга контрактка кол коюлду.

Ошондой эле Бишкек-Ош автожолунун «Маданият-Джалал-Абад» участкасын калыбына келтирүү алкагында кеңеш берүүчү компанияны тандоо боюнча жана  шарт менен иштөөчүлөрдү алдын ала тандоо боюнча тендердик процедуралар жүргүзүлдү.

БАРЭК 1 жана 3 Коридорлорунун ортосунда бириктирүүчү жолдордун долбоорун каржылоо жөнүндө Балыкчы-Жалал-Абад 89 дан 159 км (Эпкин-Башкуганды) автожолунун участкаларын калыбына келтирүүнү караштырган Макулдашуунуратификациялоо боюнчаиштер улантылды.

Борбордук Азиядагы (ПУДПС ЦА-3)жол каттамдарын жакшыртуу боюнча Программанын Үчүнчү фазасынын долбоорун даярдоо боюнча иштер жүргүзүлдү.  Көрсөтүлгөн долбоор Түп-Кеген  атвожолун 39 ден 76 км чейин калыбына келтирүүнү, Каракол ш., аэропортун кайра курууну, отун-май куюу комплексин курууну жана Тамчы айылында жүргүнчү терминалын кеңейтүүнү, ошондой эле туризм секторунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу боюнча компоненттерди караштырат.

Айрым инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча  кечигүүлөр  (Бишкек – Кара-Балта, Жалал-Абад – Маданият, Исфана -Кайрагач, Баткен-Төрткүл, Баткен-Кызылбел)  2016-жылдагы жыйынтыктар боюнча КР ТжЖМнин көрсөткүчтөрүнө негизинен  олуттуу таасир бергенин белгилей кетүү керек.

Иштеги кемчиликтерди четтетүү үчүн жана ИДӨТ структураларын оптималдаштыруу максатында КР ТжЖМ тарабынан бир канча жолу жумушчу топтор министрликтин 26 июль, 2016-жылдагы  №223 «Комиссия түзүү жөнүндө», 10 март, 2017-жылдагы №100 «Жумушчу топ түзүү жөнүндө» жана акыркы 31 март, 2017-жылдагы №126  «Жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйруктары менен түзүлгөн.Комиссиялар КР ТжЖМнин ИДӨТопторунда системалуу иштин жоктугун жана ИДӨТнун функцияларын жана структураларын кайра кароонун зарылдыгын белгилешти. Бирок, азыркы учурга чейин КР ТжЖМнин ИДӨТ  структураларын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды даярдоо боюнча жумуштар аяктай элек.

Министрликтин  ведомстволук структуралык бөлүнүштөрүнүн ишмердигин оптималдаштыруу жана тартипке келтирүү максатында, ошондой эле кайталоо функцияларын жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Автомобиль суу транспорту жана салмак-көлөмдү көзөмөлдөө агенттиги  (Автотранспорт агенттиги)  Автомобиль жана суу транспорту агенттигин жана Салмак-көлөмдү көзөмөлдөө департаментин бириктирүү жолу менен түзүлдү.

Автотранспорт агенттиги 2017-жылдын отчеттук мезгилинде  уруксат документтерин берүүдөн, акы төлөнгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн, административдик укук бузууларга айып пул  жыйымдарынан республикалык бюджетке жалпы суммасы 17579,3  миң сом которгон, (2016 –ж.- 22528,4  миң сом.).

Автотранспорт агенттиги  эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык эл аралык жүк ташууларды аткарууда автотранспорттук каражаттардын өтүүсүнө чет өлкөлүк жүк ташуучуларды уруксат менен камсыздоо максатында 2017-жылга өз ара алмашуу боюнча 41 өлкө менен уруксат бланкаларын алмашууну жүргүздү.

«Электрондук  транспорттук  контроль» автоматташкан маалыматтык системасын киргизүү боюнча иштер улантылууда (АИС ЭТК) –  киргизүү стадиясында турат, «Ак-Жол- автожол» транспорттук контроль пунктунда тесттик режимден өтүп жатат.

Автотранспорт агентсттиги 2017-жылдын үч ай ичинде 4952лицензия берди, лицензиялык жыйымдардан түшкөн сумма 2705000 сом болду (2016-ж. ушул мезгилинде  5380 лицензия 3099300сом суммасында берилген ).

Республика боюнча линиядагы, транспорттук контролдун постторундагы, станциялык курулуштардагы, ошондой эле жүргүнчү чогулуучу жерлердеги транспорттук каражаттар бардыгы  60018бирд. АТС  текшерилди ( былтыркы жылдын ушул мезгилинде 62115 бирд. АТС). Жыйынтыгы боюнча 1030 Кыргыз Республикасынын транспорттук жана лицензиялык мыйзамын бузуулар   табылды жана катталды (былтыркы жылдын ушул мезгилинде 1137).  Укук бузуучуларга карата  “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексине ылайык 712 административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү ( былтыркы жылдын ушул мезгилинде 770). Ошонун өзүндө, административдик укук бузуу жөнүндө 9 протокол транспорттук  контролдун субьекттеринин кызмат адамдарына карата түзүлдү (былтыркы жылдын ушул мезгилинде 155).

Салмак-көлөмдү контролдоо сектору боюнча жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорунун сакталуусун камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. 2017-жылдын 1-кварталына жыйымдар жана айып пулдар 23376,8  миң сом суммасында чогултулган  ( 2016-жылга  – 16596,9 миң сом), өсүү — 140%.

Республиканын автовокзалдар жана автостанциялардын мамлекеттик  ишканалары 2017-жылдын 3 айында 16340,7миң  сом суммасында чогулткан, (2016-жылдын 3 айында  – 15065,4 миң сом), бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 108,47%.

2017-жылдын 3 айында Кыргыз темир жолу аркылуу 1569,0 миң тонна  же 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  109,6 % ташылган. Ошонун өзүндө күтүлгөн жүк айлантуу

206,7 млн.тн.км. түзөт же  2016-жылдын отчетуна карата 104,6 % ( 2016-жылдын 3 айында 197,7 млн.тн.км.).

1-кварталда жолго 894 даана шпал алмаштырылып салынган, 2016-жылдын ушул мезгилинде 246 шпал алмаштырылган. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн 6 жүргүнчү вагону өткөрүлдү (2016-жылдын ушул мезгилинде4 вагон)  жана 3 жүк ташуучу вагон (2016-жылдын ушул мезгилинде0 вагон).Дептик оңдоп-түзөөдөн 11 жүргүнчү вагондору өткөн (2016-жылдын ушул мезгилинде 19 вагон) жана 62 жүк ташуучу вагон (2016-жылдын ушул мезгилинде 90 вагон). «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы” Мамлекеттик ишканасынын  Түштүк бөлүмүн  эсепке алуу менен Депонун шарттарында  тепловоздордун 27,846  шарттуу бирдиги  оңдолгон (2016-жылдын ушул мезгилинде  тепловоздордун 27,439 шарттуу бирдиги оңдолгон).

Оперативдүү маалыматтар боюнча 2017-жылдын январь-март  айларында кыргызавиакомпаниялары тарабынан 267139 жүргүнчү ташылган, анын ичинде эл аралык рейстер боюнча 122752,  бул 2016-жылга салыштырмалуу 15,8 %  көп жана ички рейстер боюнча 144387,бул 2016-жылга салыштырмалуу 39,2 % көп. Чет элдик авиакомпаниялар 2017-жылдын январь-март айларында  эл аралык рейстер боюнча 331204, бул 2016-жылга салыштырмалуу  16,6% көп. Бардыгы болуп кыргыз жана чет өлкөлүк авиакомпаниялар тарабынан 2017-жылдын январь-март  айларында 598343  жүргүнчү ташылган, бул 2016-жылга салыштырмалуу 21,2% көп.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 9 январь,  2017 –жылдагы № 9  буйругу менен  кыргыз Республикасынын авиакомпанияларын мөөнөттөрүн жана жооптуу кызматкерлерди көрсөтүү менен “Европа Союзунун “Коомчулуктар тизмесинен”  чыгаруу боюнча иш-чаралар бекитилген (ЕС “Кара тизмеси”). Азыркы учурда бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетүү керек,  2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Абанын бешинчи боштугуна” укук берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын чечимдерин кабыл алуу боюнча “Ишеним жана биримдик” Программасында коюлган милдеттер аткарылган жок жана бүгүнкү күнгө чейин тиешелүү токтомдун долбоору иштелип чыга элек, бул 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча КР Транспорт жана жол министрлигинин көрсөткүчтөрүнө таасир этти жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчетунда белгиленди.

2017-жылдын 1-кварталында тейленген жарандык аба кемелеринин жалпы көлөмү транзитти эсепке алуу 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,69 %  өстү же 1 357 рейс болду.

2016-ж. ушул мезгилине салыштырмалуу Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын аскер-аба кемелерин тейлөө 2017-ж. 1-кварталында 175 рейске азайды,  же 36,38 % болду.

Тейленген аба кемелеринин жалпы көлөмү  2017-ж. 1-кварталында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  1 182 рейске көбөйдү же   12,94% түздү.

2017-ж. 1 кварталында  «Ысык-Көл кемечилиги»ПО МИ кирешени Бишкек ТЭЦине 8,5  миң тонна көмүр жөнөтүүдө жүктөө-түшүрүү кызматын көрсөткөнүнөн 601,6   миң сом суммасында алды.

Каракол шаарында көмүрдү суу транспорту  менен ташуунун жоктугуна байланыштуу жана жылытуу сезонунун аяктаганына байланыштуу, кемечиликтин ишмердигинин негизги түрү токтотулду. Жумуштардын көлөмүнүн жоктугунан 2017-жылдын 1-кварталында кемечилик өндүрүш ишмердигин 190,3 миң сом чыгаша менен аяктады.

Азыркы күндө карыздар салыктар боюнча гана 10,0 млн. сомдон ашык, бул сумма  иштелип жаткан жумуштардын көлөмүндө 3 жылдык кирешеге барабар болот.

Мамлекет тарабынан  колдоо  болбосо,  «Ысык-Көл кемечилиги» МИсы банкрот болуу коркунучу бар жана бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн деңгээлинде кемечилик боюнча кризиске каршы план иштеп чыгуу зарыл.

Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Коллегиясы токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын   I кварталында  аткарган иштеринин натыйжасы жана  II кварталына милдеттери  жөнүндө”Маалымат кат  кабыл алынсын.

            2.Автомобиль жолдору башкармалыгынын начальниги М.Ж.Алыпсатаровдун, Жарандык авиация жана суу транспорту бөлүмүнүн башчысы М.Т.Сатаровдун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Коллегиясы материалдарды даярдоосунда сапаттуу материалдарды берүүдө жетишерлик иштешпегендери, ошондой эле 2016-ж. жыйынтыгы боюнча Коллегиянын токтомдорун аткарууга формалдуу мамиле кылгандыгы белгиленсин.

3.Структуралык бөлүмдөрдүн жана ведомстволук уюмдардын жетекчилери  жол чарбасын жана транспорттук комплексти өнүктүрүү үчүн зарыл болгон  КР Мыйзамдарын,  КРӨнүн токтомдорун, буйруктарын жана башка ченемдик-укуктук актыларын даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерди улантышсын.

4.Министрликтин башкармалыктарынын начальниктери, бөлүм башчылары структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери алдыга коюлган милдеттерди аткаруу боюнча иш-чараларды ишке ашырууда толук кандуу иштешсин:

— 2013-2017-жж. мезгилинде КР туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жана Улуттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча;

-2017-жылга “Ишеним жана биримдик” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасы боюнча;

-2017-ж. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин иш-аракет/милдеттенме Планы боюнча;

— Тармактык Программалар жана стратегиялык документтер менен;

— 2016-ж. ишмердигинин жыйынтыгы боюнча Коллегия менен.

— КР ТжЖМнин рейтингин жогорулатуу жана жакшыртуу боюнча жана калктын ишенимин 2015-жылдын деңгээлинен төмөн кылбоого бардык чаралар кабыл алынсын.

  1. Автомобиль жолдору башкармалыгы (М.Ж.Алыпсатаров), Жарандык авиация жана суу транспорту бөлүмү (М.Т.Сатаров), Жол чарба департаменти (Ибраев А.А.), Жарандык авиация агенттиги (Акышев К.Т.)Жол чарбасы жана жарандык авиация чөйрөсүндө мүмкүн болуучу коррупцияны эскертүү боюнча деталдаштырылган пландарды ишке ашыруу боюнча иштердеги олуттуу кемчиликтери белгиленсин.
  2. Статс-катчынын м.а.Э.А.Мамыркалиев, коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу А.М. Ибрагимовтармактагы коррупциянын алдын алуудагы бекитилген пландарды аткарбоо фактыларына жол берген же өз убагында аткарбаган кызматкерлердин жоопкерчилигин караштыруу жөнүндө биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча сунуш киргизишсин.
  3. Министрдин орун басарлары Жусубалиев А.И. жана  Абдралиева Г.К.  жол чарбасы, жарандык авиация, автомобиль жана жол транспортунда системалуу коррупциянын алдын алуунун деталдаштырылган планын ишке ашыруу боюнча тиешелүү ишти камсыздап, жеке көзөмөлгө алышсын.
  4. Структуралык бөлүнүштөрдүн жана ведомстволук ишкана жана уюмдардын жетекчилери 2017-жылга тармактагы коррупциянын алдын алуу деталдаштырылган жана ведомстволук пландарын пункт боюнча өз убагында аткарууну камсыздашсын.
  5. Автомобиль жана темир жол транспорту (А. Т.Акматов) жана Жарандык авиация жана суу транспорту бөлүмү (М. Т.):Сатаров)

— 2017-жылдын 20-майына чейин “Дөңгөлөктүү транспорттук каражаттардын коопсуздугу жөнүндө” жана “Кичине өлчөмдөгү кемелердин коопсуздугу жөнүндө” Бажы биримдигинин техникалык регламенттеринин ченемдери боюнча толук талдоо жүргүзүшсүн жана материалдарды Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине көрсөтүүнү камсыздашсын;

— 2017-жылдын 30-майына чейин “Дөңгөлөктүү транспорттук каражаттардын коопсуздугу жөнүндө”, “Кичине өлчөмдөгү кемелердин коопсуздугу жөнүндө”, “Темир жолдун кыймылдуу составынын коопсуздугу жөнүндө”, “Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу жөнүндө” Бажы биримдигинин техникалык регламентин карап чыгышсын жана сертификаттоо боюнча орган түзүүнүн зарылдыгын аныкташсын, ошондой эле сыноо базасынын бар экендигин, зарыл болсо каржылоо булагын издөө үчүн сыноо лабораторияларын жабдуу, куруу үчүн сметаны даярдашсын;

— до 30 июня 2017-жылдын 30-июнуна чейин тиешелүү ченемдерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин тиешелүү чечимдерин иштеп чыгышсын.

  1. Экономика жана финансы башкармалыгы (А. Ж. Дуйшебаев), Бухгалтердик учет жана эсеп-кысап бөлүмү (С. Б. Мамбеталиева), Ички аудит жана мамлекеттик сатып алуулардын методологиясы сектору (К.Советов) жана структуралык бөлүнүштөрдүн жана ведомстволук ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жана анын ведомстволук структураларында 2015-жыл үчүн бюджеттик, атайын жана башка каражаттарды пайдалануунун аудитинин натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын жазма эскертүүлөрүн кыйшауюсуз аткарууну камсыздашсын.
  2. “Абанын бешинчи боштугуна укук берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимдерин кайра иштеп чыгууда жетишерлик иш алып барбагандыгы үчүн жана жарандык авиацияда коррупциянын алдын алуу боюнча деталдаштырылган пландын пункттарын аткарбагандыгы үчүн Жарандык авиация жана суу транспорту бөлүмүнүн башчысы М.Т.Сатаровго жана Жарандык авиация агенттигинин директору К.Т.Акышевге эскертүү берилсин.
  3. 2016-ж. жыйынтыгы боюнча Коллегиянын тапшырмаларын жол иштеринин сапатын камсыздоо бөлүгүндө аткарбагандыгы, кеңеш берүү кызматын сатып алууну  убагында жүргүзбөгөндүгү,  жолго битумду бекитилген мөөнөттө сатып  алууну жүргүзбөгөндүгү үчүн КР ТжЖМне караштуу ЖЧДнин жетекчилиги катаал жаза алууга татыктуу, бирок директор А.А.Ибраевдин 2017-жылдын февралында дайындалганы, ал эми бул ишке жооптуу орун басары ээлеген кызматынан бошотулгандыгы эсепке алынсын.
  4. Министрдин орун басары А. И., Жусубалиев, автожолдор башкармалыгынын начальниги М. Ж.Алыпсатаров, КР ТжЖМне караштуу ЖЧДнин директору А. А.Ибраев:

— жол-пайдалануу ишканаларын кайра каттоо бөлүгүндө жол тармагын уюштурууну реформалоо боюнча иштерди аякташсын;

— «Балыкчы – Тамчы –Чолпон-Ата — Корумду» автожолун кайра курууну белгиленген мөөнөттө аяктоону, ошондой эле, Түп – Кеген автомобиль жолунун жана башка “Капиталдык салым” беренеси боюнча каржыланган обьекттердин курулушунөзгөчө контролго алышсын;

— 2017-жылдын  15-майына чейин  кеңеш берүүчү кызматтарды сатып алуу бөлүгүндөгү аткарылган иштердин сапатын камсыздоо боюнча сунуштарды киргизишсин;

— 2017-жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө  ИДӨТнун структурасынын жана жоболорунун долбоорун КР ТжЖМне караштуу ИДӨТун эки өз алдынча бөлүмгө  бөлүүнү эсепке алуу менен сунуш кылышсын (КР ТжЖМнин ИӨБ ИДӨТнан башкасы).

14.КР ТжЖМне караштууЖЧДнин директору А. А. Ибраев, Бишкек-Ош АЖМБ жана жол башкармалыктарынын жетекчилери(Токтомамбетов Ы.Д., Абдыкалыков К.К., Курманбеков У.К, Усенов А.Т., Макеев Т.М.):

            — 2017-жылдын 1-июлуна чейин 2017-жылга каралган асфальтбетон жабуулары, үстүнкү бодуракай иштеп чыгуу, кара шагыл  жана шагыл төшөө жумуштарын, ошондой эле “Кап.салым” беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылоого жаткан обьекттердин жана курулуштардын Тизмеси боюнча пландаштырылган иштердин 20%  бүткөрүшсүн, анын ичинде  “Балыкчы – Тамчы–Чолпон-Ата – Корумду” автомобиль  жолунун43,5-78  жана  81,2-85,0 км  участкаларында кайра куруу боюнча жумуштарын 40% кем эмес аткарууну жүргүзүшсүн;

—  бардык бюджеттик каражаттарды өнүмдөө боюнча чаралар колдонулсун,жол уюмдарынын өз күчтөрү менен аткарылган жумуштардын көлөмү көбөйтүлсүн жана подряддык уюмдардын жумуш аткаруусунун жүрүшүнө контроль күчөтүлсүн;

— ой-чуңкурларды күнүмдүк оңдоп-түзөө боюнча жумуштар 2017-жылдын 1-июнуна чейин аяктасын;

— жол ишканаларынын дебитордук кредитордук карыздарын төмөндөтүү боюнча максаттуу иштер жүргүзүлсүн, дебитордук карыздардын көбөйүп кетүүсүнө  персоналдык жоопкерчилик КР ТжЖМнин ЖЧДне директоруна  А.А.Ибраевгежүктөлсүн;

— бөлүнгөн каржаттарды  максаттуу пайдалануу камсыздалсын.

  1. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу Топтору:

— 1 июлга чейин  Борбордук Азиядагы жол каттамдарын жакшыртуу боюнча Программасынын долбоору боюнча Баткен – Исфана – Худжанд автожолунун темир бетон суу өткөрүүчү түтүктөрүнөн 40 даана куруу жана Баткен_Төрткүл участкасындагы көпүрөнү кайра куруу , жер жумуштарынын жалпы көлөмүнөн 50% аяктоо, 6 км узундукта асфальтбетон жабуусун курууну аяктоо;

— 1-июлга чейин Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун 1-фазасын куруу долбоору боюнча жер иштеринин жалпы көлөмүнөн 10% бүткөрүү, 7 даана темир бетон суу өткөрүүчү түтүктөрдү куруу, 5 км узундуктагы  асфальтбетон жабуусун курууну аяктоо;

— 1-июлга чейин Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун 1-фазасын куруу долбоору боюнча жер иштеринин  жалпы көлөмүнүн 10%,  215 км де жаңы көпүрөнү курууну жана 5 даана темир бетон суу өткөрүүчү түтүктөрдү курууну аяктоо;

— 2017-жылдын  1-июлуна чейин  негизги жол-курулуш механизмдерин жана жабдууларын курулуш аянтына лагерь кылып мобилизациялоону аяктоо (офистер, лабораториялар, турак-жайлар жана жол-курулуш мехнизмдерин жана жабдууларды жайгаштыруу үчүн орундар) жана БАРЭК-3 Коридорун өркүндөтүү долбоору боюнча курулуш иштерин баштоо (Бишкек-Ош автожолу, Фаза 4, Бишкек-Кара-Балтаучастогу);

— Бишкек-Ош автожолунун Маданият-Джалал-Абад участкасын кайра куруу боюнча долбоордун алкагында  2017-жылдын 1-июнуна чейин  подрядчикти тандоо үчүн тендердик документтер аяктасын жана 2017-жылдын 1-июнуна чейин кеңеш берүүчү компанияны тандоо аяктасын.

— Ош-Баткен-Исфана  автожолунун  28 ден 75 км участкасын калыбына келтирүүнү караштырган “Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу” долбоору боюнча кеңеш берүүчү компанияны тандоо боюнча тендердик  сунуштарды баалоо аяктасын.

— 2017-жылдын 1-июнуна чейин«Эпкин-Башкуганды»89-159 кмучасткасын (Фаза III, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун куруу боюнча долбоору) калыбына келтирүүнү караштырган «БАРЭК 1  жана 3 коридорлорунун ортосундагы бириктирүүчү жолдор» долбоорун каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо процедураларын аякташсын;

— 2017-жылдын 1-июнуна чейинЕвропа жана Борбордук Азия регионунун потенцтиалын өнүктүрүү боюнча Трасттык фонду жактырган Тамчы а. жана Каракол ш. «Ысык-Көл» аэропорту үчүн ТЭНди иштеп чыгууга грант бөлүп берүү жөнүндө Макулдашуунун катынын долбоорун жактыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоорун кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу процедуралары аяктасын  (ECAPDEV).

— ПУДПС БА-3 алкагында Түп-Кеген автожолунун 39 дан 76 км  чейинки автожолдун участкасынын курулушуна техникалык көзөмөл жүргүзүү жана деталдык долбоорун даярдоо боюнча кеңеш берүүчү компанияны, ошондой эле Тамчы ш. жана Каракол ш. аэропорту үчүн ТЭНди даярдоо үчүн кеңеш берүүчү компанияны  тандоо боюнча тендердик процедуралар улантылсын;

  1. ИӨБ Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу Топтору:

— 2017-жылдын 1-июлуна чейин “Бишкек-Нарын-Торугарт», 272-365км» автожолун калыбына келтирүү” долбоору боюнча темир бетон лотокторун жана түтүктөрдү орнотууну,  таяныч дубалдарды курууну (90%) аяктоо, жогорку асфальтбетон жабуусун 21 км  төшөөнү аяктоо;

— Ош-Баткен-Исфана, км 75-108» автожолун калыбына келтирүү” долбоору боюнча  2017 –жылдын 12-майына чейин  подряддык уюм менен контрактка кол коюлуп жана участокто курулуш иштерин баштоого мобилизациялоо жумуштары башталсын (Подрядчиктин  аванстык төлөмдөргө банктык кепилдигин берүү жана аванстык каражаттарды бөлүштүрүү – 09.06.2017 -ж.).

— «Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун 159-183 км куруу” долбоору боюнча 2017-жылдын 1-июлуна чейин СӨФ менен кредиттик Макулдашууга кол коюлуп жана СӨФ менен Кредиттик макулдашууну ратификациялоо боюнча ички мамлекеттик процедуралар башталсын.

Пресс -кызмат