mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын жетектөөчү адиси-юристи кызмат ордуна 3 айлык сыноо мөөнөтү менен Осмонкулова Альбина дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жаа жол министрлигинин 2019-жылдын 27-сентябрындагы буйругуна ылайык, Осмонкулова Альбина Осмонкуловна, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, 2019-жылдын 27-сентябрынан тартып, штаттык расписаниеге ылайык маяна менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын жетектөөчү адиси-юристи кызмат ордуна, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.

Пресс-кызмат