mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин 2018-жылы аткарылган жумуштары боюнча жана 2019-жылдын планы

Жол чарба департаменти, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2018-жылы  алдыга койгон милдеттерди ишке ашыруу боюнча каралган иш пландарга ылайык тийиштүү иш чараларды аткаруунун үстүндө иш алып барылды.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин  2018-жылга жалпы бюджети         4 219 813,4 миң сомду түздү, анын ичинен:

  • Учурдагы бюджеттен — 1 894 813,4 миң сом;
  • Капиталдык салымдар беренесинен — 2 235 000,0  миң сом

2018-жылдын жыйынтыгында жол тармагы боюнча жалпы каржылоо 4 035 373,9 миң сомго, же болбосо 2018-жылга каралган каражаттар 91,5%га каржыланды, анын  ичинен:

  • утурумдук бюджет боюнча                     – 1 875 146,1 миң сом  же 98,9 %;
  • капиталдык салымдар беренеси боюнча – 2 160 227,8 миң сомже 96,6 %, анын ичинде Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун реконструкциялоого                           — 1 129 200,0  миң сом.

 

Учурдагы бюджеттен аткарылган иштердин көлөмү.

2018-жылга жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, оңдоп-түзөө жана тейлөөнүн Титулдук тизмеси 1 894 813,4  миң сомго бекитилген жана аталган сумманын ичинен 1 875 146,1 миң сому каржыланды.

Оперативдүү билдирүүлөр боюнча 2018-жылдын 12 айында аткарылган иштердин көлөмү 072 338,0 миң сомду түздү жана негизинен төмөнкү иштер аткарылды:

 

Жол жумуштарынын түрлөрү Ченем өлчөмү 2018-жылдын планы Пландын аткарылышы
Асфальтобетон жабуусун төшөө км 59,275 59,28
 м.с. 291 062,36 291 062,4
Жол бетин бодурлоо км 129,96 129,96
 м.с. 74 481,5 74 481,5
Карашагыл жабуусун төшөө км 13,9 13,9
 м.с. 41 035,67 41 035,7
Шагыл жабуусун төшөө км 79,2 79,2
 м.с. 50 152,6 51 652,6
Көпүрөлөрдү куруу д/п.м 11/194,3 11/194,3
м.с. 43 420,9 50 750,9
Көпүрөлөрдү жана курулмаларды оңдоп түзөө д/п.м 7/94 34516
 м.с. 17 232,83 19 732,8
Калыбына келтирүү жана бекемдөө иштери  м.с. 40 907,1 40 907,1
Авариялык коопту жол бөлүктөрүн жок кылуу (жол сызыгы (152 км) и светофор, 49 даана)  м.с. 30 284,3 30 284,3
Административдик имараттарды оңдоо  м.с. 3 500 3 500,0
«JIСA» линиясы боюнча имараттарды мастерскойго ылайык оңдоо  м.с. 7 554,1 9 484,3
Даярдоо иштери (Бишкек-Ош а/ж 246-км галлереясы) м.с. 800 800,0
Жолдун ортосуна орнотулуучу тосмолор м.с. 35 020 35 020,0
ШПОго материал даярдоо   2 406,1 2 406,1
Утурумдук оңдоо  м.с. 364 834,1 391 771,6
анын ичинен, ан-чонокторду жамоо   176 576,1 176 576,1
Кышкы тейлөө  м.с. 196 692,1 233 698,5
Жайкы тейлөө  м.с. 39 702,3 45 191,3
Административдик аппаратты жана ЖТМ тейлөөгө чыгымдар  м.с. 145 464,2 145 464,2
Долбоорлоо жана изилдөө иштери  м.с. 9 035,3 9 035
Жолдорду паспорттоштуруу  м.с. 8 301 8 301
Документтерди даярдоо, баамдоочулардын кызматы, “Түндүк-Түштүк” автожолу боюнча экспертиза жана  компенсациялоо м.с. 5 635,2 5 635
Күтүүсүз чыгымдар (стихия) м.с. 23 250 116 240,5
Туннель үчүн автоматташтырылган шлагбаум м.с. 21 200 21 200,0
Кредитордук карызды төлөө м.с. 340 566,3 340 566,3
Департаментти кармоо м.с. 18 916 18 916,0
Өкмөт аралык жолчулардын кеңешмесин кармоо м.с. 3 150 3 150,0
Бишкек — а/п Манас жолунун жарыктандыруусу м.с. 1 800 1 800,0
Бишкек-Ош автожолунун 146 кмдеги АБЗны Шамалды-Сайга көчүрүү м.с. 1 000 2 841,00
Вакуумдук-жыйноо машинесин сатып алуу м.с. 3 431 3431,00
Бюджеттик каражаттар жыйынтыгы м.с. 1 820 835 1 998 359,6
 —  туннелдик кызмат м.с. 64 978,4 64 978,4
— түз келишимдер м.с. 9 000 9 000,0
Кайтарылган атайын каражаттардын көлөмү м.с. 73 978,4 73 978,4
Жыйынтыгы ЖЧД боюнча м.с. 1 894 813,4 2 072 338,0

 

Жаны технологияларды өздөштүрүү боюнча жалпы пайдалануудагы Бишкек-Кунтуу-Шопокова и Винсовхоз-Асылбаш автомобиль жолдорунун 2 чакырым аралыгына пилоттук долбоор катары кум-мастика асфальт кошулмасы (ЩМА) колдонулуп асфальт катмарын төшөлүп, мындан ары сапатын изилдөө максатында көзөмөлго алынды.

Жол коопсуздугун камсыздоо максатында, жолдордогу кооптуу участокторду жоюу үчүн жолдорго 152 км жол чийиндери сызылды жана 2017-жылы башталган 49 даана светофорлорду орнотуу боюнча жумуштар бутурулду. Ошону менен бирге Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун 21 кмнен баштап 10 км жолдун огуна тосмолор (барьерные ограждения) орнотулду.

Жолдорду учурдагы ремонттоо эсебинен жалпысынан 176 550 метр квадрат ан-чоноктор жамалды жана башка жумуштар оз убагында аткарылып келүүдө.

Жолдорго паспорт даярдоо иш чарасынын алкагында Ондуруш-инновациялык центр  мекемеси менен биргеликте Бишкек-Ош автомобиль жолунун 61 кмнен 209 кмне жана 2019-кмнен 318 кмне чейинки аралыгына паспорттук техникалык документтер толугу менен бутурулду жана Чуй областынын эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунда изилдоо иштери журуп жатат.

Ошондой эле, “Жол техникаларынын потенциалын жогорулатуу” долбоорунун алкагында Япон эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан гранттык негизде 6 облуска 1 даанадан техника оңдоочу устаканалар бөлүнүп берилди жана ар бир бөлүнгөн жол тейлөө мекемелеринде жол техникаларын ондоочу устаканалар ремонттон өткөрүлдү.

Дагы бир айта кетчү нерсе, адамдык факторлорду жоюу максатында Бишкек-Ош автоунаажолундагы тоннелден түшкөн каражаттарды жыйноодо электрондук шлагбаум орнотуу боюнча өткөрүлгөн конкурс жарыяланып жыйынтыгында жеңүүчү болуп “КБМ” ЖЧИ аныкталып  21 199,0 миң  сомго келишим түзүлгөн. Азыркы убакта акча каражатын төлөнүүчү электрондук шлагбаум эксплутацияга берилип иштеп жатат.

 

Капиталдык салымдар беренесинен аткарылган иштер жана жана каржылоо абалы

 

“Капиталдык салым” беренеси аркылуу каржыланган обьекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бардыгы 2 235 000,0  миң сомго төмөндөгүдөй бекитилген:

— негизги Тизмедеги жол обьектилерине — 500 000,0  миң сом;

— аймактарды өнүктүрүү боюнча кошумча Тизмедеги жол обьектилерине — 550 000,0  миң сом;

— Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун кайра курууга –

1 129 000,0  миң сом:

  • Пансионаттарга баруучу жолдорго — 55 800,0 миң сом.

2018-жылдын жыйынтыгы менен алганда Капиталдык салымдар беренеси аркылуу каржылануучу обьектилерге жалпысынан 2 160 227,8 миң сом акча каражаты республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилди, калган 74 772,2 мин сом (3,4%) акча каржаты республикалык бюджеттин тартыштыгына байланыштуу бөлүнүп берилген жок.

Капиталдык салымдар беренеси аркылуу каржылануучу обьекттеринин Тизмесинде көпүрөлөрдү, жаңы жолдорду жана жолдорго асфальтобетон катмарын тошоо узундугу 189,3 км каралып, анын ичинене Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолун реконструкциялоону кошкондо 178,9 км жолго асфальтбетон төшөлүп бүттү. Алар төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн.

 

Аталышы План, км Аткарылганы, км
1 Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду 24,5 43,5
2 негизги Тизмедеги обьекттери боюнча   61,6 52,8
3 кошумча Тизме боюнча (Аймактарды өнүктүрүү) 103,2 82,40
4 Пансионаттарга баруучу жолдор 4,7 4,7
5 Көпүрөлөрдү куруу 14 8

 

2019-жылга пландаштырылган жол жумуштары жөнүндө кыскача маалымат

 

2019-жылы Жол чарба департаментине республикалык бюджеттен жолдорду жана жол курулмаларын оңдоо иштерине жалпысынан 1 963 313,0 мин сом акча каражаты каралды.

Аталган акча каражатына Жол чарба департаменти тарабынан 2019-жылы аткарыла турган жол жумуштарынын Титулдук тизмеси даярдалып бекитилди жана томонку негизги жол жумуштары пландаштырылды.

Учурдагы бюджет:

  1. Асфальт төшөө иштери             – 120  км;
  2. Бодурлап оңдоо иштери (ШПО) – 183,4 км;
  3. Карашагыл төшөө иштери            – 18,6 км;
  4. Шагыл төшөө иштери             – 122,3 км.
  5. Көпүрөлөрдү куруу – 7 шт./105п.м

Ал эми, республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинен каржылануучу обьектилердин тизмеси азырынча бекитиле элек, бирок Жол чарба департаменти тарабынан 1 000 000,0 мин сом акча каражатына ылайык сунуш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталды.

            Сунушка ылайык, бөлүнгөн акча каражатын төмөндөгүдөй бөлүштүрүү каралууда:

  • Балыкчы- Чолпон-Ата-Корумду автожолуна — 500 000,0 миң сом;
  • Кийинки жылга өтүүчү жол обьектилерине — 205 034,7 миң сом;
  • Жаңы жол обьектилерине — 292 003,8 миң сом;
  • Кредиторду карыздарды жоюуга — 2 961,5 мин сом.