mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол Министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин учууга жарактуулугун колдоо бөлүмүнүн инспектору бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол Министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин учууга жарактуулугун колдоо бөлүмүнүн инспектору бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт.

 

Квалификациялык талаптары:

 

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол Министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин бардык кенже административдик мамлекеттик кызмат бош орундарга сөзсүз:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамын;
  • 2016-жылдын 19-августундагы № 43 мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңешинин токтому менен бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этика Кодексин;
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерди аткарууда зарыл болгон көлөмдө;

— компьютердик программаларды (Word, Excel, Power Point, «ТОКТОМ Мамлекеттик Про») билүү талап кылынат.

Учууга жарамдуулугун колдоо бөлүмүнүн Инспекторунун (М-Б) 1 ваканттуу

Квалификациялык талаптары:

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— жогорку кесиптик билими: жарандык авиация чөйрөсүндө аба кемелерин техникалык эксплуатациялоо боюнча же жогорку техникалык билими менен адистиги боюнча: аба кемелерин техникалык эксплуатациялоо орто кесиптик билими бар болсо.

  1. Эмгек тажрыйбасы жана стажы:

—   эмгек стажына талаптар жок;

— Кыргыз Республикасында эксплуатацияланган аба кемелеринин типтери боюнча жолбермеси менен жарандык авиация инженеринин иштеги күбөлүгүнүн болушу (артыкчылык берет).

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Билимдери:

— Кыргыз Республикасынын Аба Кодекси;

— Эл аралык авиация жөнүндөгү Конвенция (1944 ж. 7 декабрь, Чикаго) жана эл аралык авиация жөнүндөгү Конвенцияга Тиркемелер;

— 2016 жылдын 27 январында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын КР АЭ-1 “Авиациялык персоналга күбөлүктөрдү берүү”, КР АЭ-5 “Чен бирдиктери”, КР АЭ- 6 “Аба кемелерин эксплуатациялоо”, КР АЭ-7 “Жарандык аба кемелерин каттоо”, КР АЭ-8 “Аба кемелеринин учуу жарамдуулугу”, “КР АЭ-10 “Авиациялык электр байланыш”, КР АЭ-12 “Издөө жана куткаруу”, КР АЭ “Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү”, КР АЭ-13 “Айлана-чөйрөнү коргоо”, КР АЭ-19 “Учуулар коопсуздугун башкаруу” авиациялык эрежелери;

3.2. Билүүсү:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, суроолорго жоопторду сапаттуу даярдоо;

— авиациялык техниканы эксплуатациялоо жаатындагы ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга анализ жүргүзүү жана аны практика жүзүндө колдонуу;

— кызматтык милдеттемелерине ылайык өзүнүн ишмердүүлүгүн эффективдүү пландаштыруу;

— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду даярдоо;

— мамлекеттик жана/же расмий тилде иш каттарын жазуу;

— Командада иштөө.

3.3. Көндүмдөрү:

— Укуктук ченемдик актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу.

Кызматкердин кызматтык милдеттемелери

— укуктук ченемдик жана башка актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдаштыруу;

— өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;

— отчетторду түзүү;

— өзүнүн компетенциясынын чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалымат-методикалык материалдарды түзүү;

— кызматтык ыйгарым укугунун чегинде берилген жогорку кызмат адамдарынын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн убагында жана сапаттуу аткаруу;

— жарандык авиацияны өнүктүрүүгө, жарандык авиация жаатында Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдөгү илимдин жана техниканын өнүгүшүнө жетүүгө, авиациялык техниканын өнүгүү перспективалары жана аларды эксплуатациялоону жакшыртууга, авиациялык техниканы техникалык тейлөө боюнча Уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу документтерди, аба кемелерин тейлөөнү камсыздоо үчүн тартылган башка кызматтардын маселелерин жана функцияларынын багытын аныктоочу укуктук-ченемдик актыларды билүү;

— Авиакомпаниялар, Кыргыз Республикасынын авиауюмдары, башка мамлекеттердин авиациялык бийликтери, аларды иштеп чыккандар жана авиациялык техниканын жасоочулары менен техникалык маалыматтар менен алмашып жана өз ара аракеттешүүнү, координациялоону камсыздоо;

— кесиптик даярдоо деңгээлин системдүү түрдө сактоо;

— АТ техникалык тейлөөнү даярдоо процессин уюштуруу жана техникалык эксплуатациялоо эрежелерин билүү;

— төмөндөгү жумуштарды аткарууга катышууга:

(а) жарандык аба кемелерин каттоо/чыгаруу;

(б) Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрин/эсебин жүргүзүүгө;

(в) аба кемелеринин учууга жарамдуулук Тастыктамасын узартууга жана берүүгө;

(г) авиациялык техниканы техникалык тейлөө боюнча Уюмун тастыктамалоого;

(д) башка мамлекеттердин окуу жайларын таануу;

(е) башка мамлекеттердин авиациялык техникасын техникалык тейлөө боюнча Уюмун таануу;

(ж) аба кемелеринин эксплуатантарын тастыктамалоого;

(з) жер-жериндеги ызы-чуулар боюнча Тастыктамасын берүүгө;

(и) аба кемелеринин учууга жарамдуулук Экспортук Тастыктамасын берүүгө;

(к) аба кемелеринин атайын учууларды аткарууга Уруксааттарды берүүгө;

(л) борттук радиостанцияларды пайдаланууга Уруксааттарды берүүгө;

— авиакомпаниялардын, АТ техникалык тейлөө маселелери боюнча авиаишканаларынын ишмердүүлүктөрүнө туруктуу контрол жүргүзүүгө жана учууга жарамдуулук ченемдеринин талап кылынган деңгээлин жана учуулар коопсуздук абалын сактоого;

— авиациялык техниканын бузулууларынын жана иштен чыгууларынын себептерин анализдөө жана чогултуу жана алардын алуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;

— авиациялык окуяларды териштирүү жүргүзүүгө катшуу жана аларды болтурбоо боюнча чараларды иштеп чыгуу;

— Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын АТ ТТ боюнча Уюмдардын ишмердүүлүгүн, эксплуатациялык документтерди жакшыртуу боюнча иш-чараларды жана көрсөтмөлөрдү, техникалык тейлөө технологиясын, АТ контролдоо боюнча документтерди жана башка ЖА ишмердүүлүгүн регламенттөөчү ченемдик документтерди иштеп чыгууга катышуу;

— инженердик-техникалык персонал боюнча квалификациялык талаптарды иштеп чыгууга, зарыл кесиптик деңгээлин колдоо жана даярдоо тутумун жакшыртууга жана ошондой эле өндүрүштүк ишмердүүлүгүндө жана даярдоонун этаптарында персоналдын билимин текшерүүгө катышууга;

— АТ учууга жарамдуулук директиваларын жана иштеп бүтүрүүлөрүн аткарууга, иштөө мөөнөттөрүн жана ресурстарын аныктоо боюнча бюллетендерди ишке киргизүүгө же бекитүүгө катышуу;

— АТ учууга жарамдуулугун колдоо маселелери боюнча аба кемелеринин эксплуатанттары иштеп чыккан эксплуатациялык-техникалык жана учуу документтерине (нускамаларды, жоболорду ж.б.) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүүгө катышуу;

— авиациялык техниканы күндөлүк оңдоо жана модификациялоо боюнча жумуштарды аткарууда программаларды жана башка тийешелүү документтерди бекитүүгө катышуу;

— Инженердик-техникалык персоналга Күбөлүктөрдү жана квалификациялык белгилерин берүү жана башка мамлекеттердин ЖА адистеринин Күбөлүктөрүн таануу менен байланышкан жумуштарга катышуу;

— авиакомпаниялардын жана авиаишканалардын АТ ТТ боюнча Уюмдарынын ишмердүүлүгүн контролдоо боюнча иш-чараларын иштеп чыгууга катышуу;

— авиациялык техниканы техникалык тейлөөнүн сапатын инспектордук контролдоо;

-. Эксплуатанттардын аба кемелеринде техникалык, үзгүлтүксүз жана чартердик рейстерди аткаруусуна катышуу.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди берүү зарыл:

— ваканттуу орунду так көрсөткөн өздүк арызы;

— резюме;

— кадр эсеби боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен;

— соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты камтыган автобиографиясы;

— зарыл болгон кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын (эмгек китепчесинин, билими жөнүндөгү, илим даражасын жана илим наамын ыйгаруу жөнүндөгү  наториалдык же иштеген жеринин персоналды башкаруу кызматы менен күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөсү);

— паспортунун көчүрмөсү;

— рекомендациялык каттар (кошумча бериле алат)

Документтер, сыртына “Конкурска” деген белгиси бар ылдам тиккичте дареги боюнча 720044, Бишкек ш., Ажыбек-Баатыр 1. мөөнөтү 2018-жылдын 15-июнуна чейин тапшыруу керек. Сурап билүү т.251953.

Административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөө конкурсуна катышуу укугуна 21 жашка толгон, бекитилген квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары ээ.

Бекитилген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар ачык конкурска катыша албайт.

 

Кошумча маалыматты www.caa.kg, www.mtd.gov.kg, www.mkk.gov.kg. Сайттарынан ала аласыздар.